Өмүрбек Текебаев “Ата Мекен” фракциясына билдирүү жолдоду

Урматтуу жолдоштор!

2010-жылдан бери “Ата Мекен” фракциясы ынтымак биримдикте болуп, Кыргызстандын, элдин кызыкчылыгында үзүрлүү иштеп келе жатат. Аз болсок да, саз иштеп жатабыз. Алдыбызда соң саясий, тарыхый окуялар күтүп турат. “Ата мекен” фракциясы ал окуяларда татыктуу орун ээлеп, тарыхка өз салымын кошуш керек. Белгилүү себептер менен мен ал окуяларга толук кандуу катыша албайм.

Ошондуктан, мен “Ата Мекен” фракциясынын лидерлик кызматынан баш тартам.

Урматтуу партиялаштар, Сиздерге ийгилик каалайм.

Өмүрбек Текебаев

Аргумент.kg
Жооп калтыруу