Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекен” партиясынын лидери: “Алтынбек Сулаймановдун саясый кырдаалга берген баасынын тууралыгын убакыт көрсөтөт”

Башкы «атамекенчи» Өмүрбек Текебаев 31-майда №47 абактан улуттук кардиология борборуна которулду. Саясатчы жарым жыл сайын дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп туруусу керек. Учурда дарылануусун улантууда. Текебаевдин кыргыз саясаты гана эмес, дүйнөлүк саясат боюнча ой-пикирлери көпчүлүккө кызыктуу. Бул жолу жаңы өзгөрүүлөргө бет алган Украинадагы саясый жаңылыктар, президент болуп артист Зеленскийдин шайланышы, аны кыргыз коомчулугу, алтургай саясатчылары да колдоп жатышы ж.б. туурасында адвокаты аркылуу пикирин алдык.

– Өмүрбек Чиркешович, Кыргызстанда бүгүн коомчулук эски тартиптен, эски формациядагы саясатчылардан тажап, жаңы өзгөрүүлөрдү күтүп жатат. Так эле ушундай кырдаал Украинада болгон. Бирок, алар саясатта мурда-кийин болбогон жаңылык киргизишти. Куудул, артист Владимир Зеленскийди президент кылып шайлап алышты. Зеленскийдин шайланышы Кыргызстандын демократиялык коомчулугун, өзгөчө жаштарды шыктандырды. Алар да бизде саясый элитанын жаңыланышын, системадан сырт саясатчылардын парламенттик шайлоолордо өтүп келишин каалашууда. Кыргызсганда дагы ушундай күтүү барбы?

– Кыргызстанда да мындай күтүү бар. Ал көптөн бери аткарылбай келе жатат. 2005-2010-жылкы күтүүлөр, үмүттөр үзүлдү. Ошого карабастан, бүгүн коомчулук радикалдуу жаңыланууну күтүп жатат. Бирок, «конкреттүү кандай жаңылык болуш керек, эмне жаңыланыш керек?» дегенге ачык жоопторун айта алышпайт.

– Зеленский жөн эле жаңы адам болбостон, ал элге жаккан жаңы идеяларды сунуштап, коомчулук аларды колдоп жатат. Кыргызстанда да ушундай сунуштар болуп, турмушка ашышы мүмкүнбү?

– Элге жаккан, эл күткөн сунуштар бизде да болгон. Тилекке каршы, ар кандай себептер менен анын бир бөлүгү турмушка ашкан жок. Зеленский эл колдогон кандай сунуштарды киргизди? Санайлы: биринчиси, «бир мандаттуу шайлоо округдарын жоготобуз» деди. Украинадагы саясый фракциялардын лидерлери, саясый эксперттердин баары «бир мандаттуу шайлоо округдарынан акчасы бар, административдик ресурсу бар адамдар гана өтөт. Бул Украинанын шартында эл бийлигинин кызматын аткарбай калды» деген пикирге келишти. Кыргызстанда бир мандаттуу шайлоо округдары жок, депутаттар Зеленский каалагандай жүз пайыз партиялык тизме менен шайланат.

– Кыргызстандын эли да «партиялык тизмеге акча менен кирет экен, партиядагы талапкердин орду дагы акча менен аныкталат экен» деген негиздүү сындарды айтып келатышат. Мунун бир мандаттуу округдан кандай айырмасы бар?

– Зеленский ачык шайлоо тизмесин киргизүүнү сунуштап чыкты. «Ачык шайлоо тизмеси» деген тизмедеги талапкердин ордун партиянын лидери, же анын курултайы эмес, шайлоочулар шайлоо убагында аныктайт дегенди билдирет. Шайлоочулар партияга гана эмес, тизмедеги өзү каалаган талапкерге да добуш беришет. Бул «ачык шайлоо тизмеси» деп аталат. «Ата Мекен» 2013-2014-жылдардан бери ачык шайлоо тизмесин сунуш кылып келе жатат. Бирок, бул ошол кездеги бийликке, Атамбаевге пайдалуу болбогондуктан, тилекке каршы, ал мыйзам долбоору өтпөй калды. Бүгүн дагы «Ата Мекен» партиясынын депутаттары, Жанар Акаев баш болгон жаш депутаттар
Зеленский сунуш кылган ачык шайлоо тизмелерин колдоону сунуш кылып отурушат. Бүгүнкү бийлик өткөндөн сабак алып, дүйнөдө болуп жаткан тенденцияларды эске алып, депутаттардын ушул сунушун колдойт деп мен ишенгим келет.

– Кыргызстанда көпчүлүгү, өзгөчө жаштар «бир мандаттуу шайлоо округун киргизиш керек, ошондо эл-жерим деген патриоттор, жаңы, жаш адамдар депутат болушу мүмкүн» деген демилге менен чыгып жатышат. Ал эми Украинада, Молдовада, тескерисинче, «бир мандаттуу округдарды жок кылыш керек» дешүүдө. Муну кандай түшүнсө болот?

– Биринчиден, биз транзиттик өткөөл мезгилден өтпөй, тыгылып калган өлкөлөрдүн катарына киребиз. Европада, башка өлкөлөрдө бир мандаттуу шайлоо округунан деле коррупциясы жок, жаш, жаңы адамдар өтүп жүрүшөт. Бирок, биз кландашкан, коррупциялашкан өлкөлөрдөн болгондуктан, административдик ресурстун (бийлик), финансылык ресурстун (акчанын) таасири абдан чоң. Украина менен Молдовадагы бир мандаттуу округдардагы шайлоолорду «коррупциялашкан» деп атап, «ал жерден патриот, билимдүү, эл үчүн күйгөн карапайым адам өтпөйт, шайлоодон өтүш үчүн бирөөнүн «балашкасы» болушуң керек, же өзүң бай болушуң керек, болбосо өтпөйт» деген жыйынтыкка келип отурат. Ал өлклөрдө деле «балким, жүз талапкерден 1-2 мегапопулярдуу адам шайлоодон утушу мүмкүн, көбү өтпөйт» деген ой-пикир калыптанган. Бизде да так ошондой. Кыргызстанда кайсы райондон, кайсы өрөөндөн кимдер өтөт, кимдер кимдерди сүрөйт, бүгүнтөн эле белгилүү. Аларда акчалар эбегейсиз көп. Ошондуктан, бир мандаттуу шайлоо округдарын киргизүү деген – бул артка кайтуу. Өзүбүз эле колдоп, көкөлөтүп жаткан Зеленский да «бир мандаттуу коррупуциялашкан шайлоо системасынан кетиш керек» деп айтып жатат.

– Зеленский жакында парламентке президенттин импичменти жөнүндө мыйзам долбоорун киргизди. Кыргызстанда да президенттин импичменти тууралуу маселе талаш-тартыш болуп келет. Кандай окшоштуктар бар?

– Зеленский «президент жана экс-президент кол тийбес болбош керек. Алар кылмыш кылса, эл алдында жооп бериш керек» деген идеяны көтөрүп чыкты. Биз бул идеяны 2010-жылы эле турмушка ашырып, Конституцияга киргизгенбиз. Тагыраагы, «экс-президентте кол тийбестик болбойт» деген норманы киргизгенбиз. Тилекке каршы, кечээ жакында Конституциялык сот «экс-президент да кол тийбестикке ээ» деген жыйынтык чыгарып, Конституцияны бурмалап салды.

– Зеленский ошондой эле депутаттардын кол тийбестиги жөнүндө да маселе көтөрүүдө. А биздин саясатчылар эмнеге бул маселени көтөрбөйт?

-2010-жылы Конституция иштелип жатканда, бул маселени да караганбыз.” Бүгүн Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттары абсолюттуу кол тийбестикке ээ эмес. Эгер алар «өтө оор кылмыш кылды» деп айыптала турган болсо, Жогорку Кеңештин макулдугусуз эле жоопко тартылышат. Ошентип, Зеленский мырза каалап жаткан тартипти биз 2010-жылы эле турмушка ашырып койгонбуз.

– Украинанын жаңы президенти «жакшы иштебеген депутаттарды эл чакыртып алыш керек» деген да талап коюп жатат. Бул маселе Кыргызстанда да көтөрүлүүдө. Бир нече күндөп жумушка келбеген депутаттар көп го, эмнеге сунушталбайт?

– Депутаттарды эл тарабынан чакыртып алуу тартиби Европа өлкөлөрүндө, башка Азия өлкөлөрүндө деле жок. Кээ бир өлкөлөрдө болушу мүмкүн. Зеленский бул сунушун ишке ашыра алабы-жокпу, билбейм. Бирок, биз депутаттарды чакыртып алуунун эки түрүн караганбыз. Биринчиси, эгер ал кылмыш кылып соттолсо, анын мандаты алынат. Экинчиси, ал өз милдетин аткарбай, жумушка (пленардык жыйынга, комитеттин жыйынына, фракция жыйынына) 30 күндөн ашык себепсиз келбесе, анын депутатгык мандаты алынат, мындайча айтканда, чакыртылып алынат. Бул Конституцияда жазылган. «Туура эмес сүйлөдү», «партиянын позициясына каршы келген добуш берди» деп чакыртып алуу дүйнөлүк практикада жок. Жумушка келбегени үчүн чакыртып алса болот. Тилекке каршы, бир нече күндөп жыйындарга келбей койгон депутаттар бар. Парламенттин залы бош болуп, бүткүл кыргыз эли ага күбө болгондугуна карабастан, бир да депутат ушул кезге чейин чакыртылып алына элек.

– Эмнеге чакыртып албайт?

– Анткени, депутаттарды чакыртып алуу депутаттардын өзүнүн колуна берилген. «Карга карганын көзүн чокубайт» дегендей, алар бири-бирин түшүнүшөт. Ошондуктан, депутаттардын жыйындарга катышканын көзөмөлдөөнү биз парламенттин өзүнө эмес, БШКга же БШК мүчөлөрүн жана партиянын депутаты эмес, бирок тизмеде турган мүчөлөрүн, коомчулуктун өкүлдөрүн кошуп, өзүнчө комиссия түзүп, ошолор көзөмөлдөй турган кылсак, бул маселе чечилет эле деп ойлойм. Ошентип, бул норманын аткарылбаган негизги себеби, «карышкырга кой кайтартып», депутаттар өзүлөрү чече турган кылып алгандыгында.

– Демек, Зеленский сунуш кылып жаткан сунуштардын бир тобу Кыргызстанда мурун эле киргизилип, жарым-жартылай ишке ашып калган турбайбы?..

– Ооба. Дагы бир мисал: Зеленский «мыйзамсыз баюу – кылмыш» деген норманы кылмыш кодексине киргизгени жатат. Ал норма бизде бир нече жылдан бери эле бар. Бирок, ал толук кандуу иштей элек. Азырынча Зилалиев менен Мусакеевге эле колдонулду. Зеленскийдин демилгелеринин көпчүлүгү Кыргызстанда мыйзам түрүндө кабыл алынган. Бирок, анын аткарылышы проблема болуп жатат. Ал эми кээ бир маселелер: мисалы, ачык партиялык шайлоо системасын киргизүү бүгүнкү күнгө чейин чоң тоскоолдукка ээ болуп келатат. Биз ушул шайлоо системасын өзгөртүп, ачык шайлоо системасын, регионалдык тизмелерди киргизе турган болсок, саясый коррупцияга каршы, парламенттин сапатын күчөтүү багытында алгылыктуу иш кылган болот элек.

– Кыргызстанда Зеленскийдин шайланганына кубанып, ага ийгиликтерди каалап, анын демилгелерин колдоп, кубаттап жатышат. Мындай агымдан четте калбай, белгилүү саясатчы Алтынбек Сулайманов дагы Меккеде жүрүп, кыргыз эли менен оюн фейсбук аркылуу бөлүштү. Ал өзүнүн постунда «Зеленский деген азамат не деген реформаларды жүргүзүп жатат. Кыргызстандын бийлиги «куда», «бажа» деңгээлинен көтөрүлө албай, реформаларды жасай албай убара. Кыргызстандын маңдайына Зеленскийге окшогон лидер келер бекен?» деп суктанганын жашыра албай айтып жиберди. Бул – бийликке жаккан жок. Анын тролдору эртеси эле күнү мурунтан даярдалып калган компроматтар бар окшойт, Сулаймановдун болгон да, болбогон да айыптарын ачып, үстөккө-босток жамандап жатып калышты. Ошого караганда, Зеленскийдин демилгелери бизде колдоо таппайт окшойт. Сиз кандай ойлойсуз?

– Алтынбек мырзанын Кыргызстандагы саясый кырдаалга берген баасынын тууралыгын убакыт көргөзөт.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу