Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекен” партиясынын лидери: “Кыргызстан феодалдык доорго кайтып, Конституцияны бузууга жол бергени жатат”

— Бүгүнкү күндө коомдо Кыргызстандын административдик-территориалдык түзүмүн, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу системасын реформалоо, шаар мэрлерин, айыл өкмөт башчыларын түз шайлоо зарылдыгы боюнча дискуссия жүрүп жатат. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?

— Кээ бир коомдук уюмдар “Конституциялык реформаларды жүргузүүнүн себептеринин бири катары Кыргызстанда административдик-территориалдык реформа жүргүзүш керек, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу системасы да реформага муктаж” деп жатышат. Бирок, чындыгында андай эмес. Азыркы Конституция эски Конституциядагы кемчиликтерден кутулган. Жогоруда айтылган маселелер боюнча реформа жүргүзүүгө бүгүнкү Конституция эч тоскоолдук кылбайт. Конституцияда район, облус деген түшүнүк жок, мурункусунда бар эле. Биз административдик-территориалдык реформа жүруш үчүн, ага Конституция тоскоол болбош үчүн андай түшүнүктөрдү Конституцияда көргөзбөй, “Конституция өзүн-өзү башкаруунун негизги принциптерин гана аныктап, жергиликтүу депутаттарды шайлоо тартиби, өзүн-өзү башкаруунун уюшуу тартиби жөнөкөй мыйзам менен аныкталат” деп кийинкиге калтырылган. Ошентип, бул маселелерди чечүү, айтылган реформаларды жүргүзүү үчүн Конституция тоскоол болбойт. Тескерисинче, жаңы Конституция жол ачат. Ошондуктан, Конституцияны өзгөртүү талап кылынбайт.

— Эмне үчүн 2012-жылкы жергиликтүү шайлоолордо айыл башчылары, мэрлер түз, эл тарабынан шайланган жок?

— 2010-жыл Кыргызстандын тарыхындагы абдан татаал жылдардан болду. Эл курмандыкка учураган апрель элдик революциясы, кандуу кагалышуулар менен кайгы алып келген Түштүктөгү улут аралык араздашуу болуп өттү. Түштүктө, өзгөчө Өзбекстан, Тажикстан менен чектеш калк жашаган пункттарда ар кандай улуттар (кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик) аралашып жашайт. 2010-жылдагы окуяларды, 2012-жылы стабилдүүлүк туруктуу болбогондугун эске алып, биз айыл өкмөт башчыларын, мэрлерди түз (эл) эмес, жергиликтүү парламенттер шайласын деген чечим чыгарганбыз. Бул деле демократиялык процедура. Эгер, айыл өкмөт башчыларын, шаар мэрлерин түз шайлай турган болсок, жергиликтүү элдин саясий маданиятынын деңгээли бийик эмес эле, шайлоо учурунда жеңишке жетиш үчүн ар кандай ыкмаларды ачык эле колдонушмак. Түз шайлоо киргизе турган болсок, улутчул радикал маанайдагы адамдар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, саясий стабилдүүлүктү бузушу мүмкүн деген реалдуу коркунуч бар эле. Биздин оппоненттер өзүнун айылын, өзүнун шаарын билип, Кыргызстанда кандай проблемалар бар экенин, айрыкча, Түштүк региондогу проблемаларды билбестен эле, ушуга окшогон демилгелерди байма-бай көтөрүп келе жатышат.

— 2010-жылдан бери 9 жыл өттү. Кыргызстанда саясий стабилдүүлук орноду. Айыл өкмөт, шаар башчыларын түз шайлоого убакыт келди деп ойлойсузбу?

— Биринчиден, биз кандай саясий максат койгондугубузду так аныкташыбыз керек. “Борбордук бийлик алсызыраак болсун, шайлоонун убагында район акими айыл өкмөт башчысына тапшырма берип, үстөмдүк кылбасын” деген ниет менен сунуштап жатат. Аны тушүнсө болот. Экинчи жагынан, түз шайлоолор улуттук араздашууга, саясий стабилдүүлуктү бузууга алып келиши мүмкүн деген кооптонуулар дагы деле реалдуу. Бирок, көп жылдан бери бизде администативдик-территориалдык реформа жүрбөй, шаар менен шаардын айланасындагы кыштактар аралашып кеткен. Мисалы, Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, жолдун бир жагы шаар, экинчи жагы айыл. Ошто ж.б. шаарларда да ушундай. Мына ушуга окшогон маселелерди чечип туруп, андан кийин гана шаар мэрлерин түз шайлоо маселесин сунуш кылсак болот деп ойлойм.

— Азыр президентти жана Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо мыйзамдарына президенттин демилгеси менен өзгөртүүлөр кирип жатат. Андагы кээ бир сунушталган нормалар коомдо талаш-тартыш жаратууда. Мисалы, “Жогорку Кеңештин депутаты болуш үчүн жогорку билим сөзсүз болуш керек, соттолгон адамдардын соттолгондугу алынып салынгандан кийин да белгилүү мөөнөткө чейин депутаттыкка, президенттикке коюу укугу болбойт” деген нормалар. Бул өзгөрүүлөрдү кээ бирлер “саясий ниет менен киргизилип жатат, саясий максатта колдонулушу мүмкүн”деп сыпаттап жатышат. Сиз кандай ойлойсуз?

— Биздин Конституция жалпыга бирдей шайлоо укугун кепилдендирет. Жынысына, улутуна, рассасына, динине, социалдык абалына карабастан, баары мамлекеттин ээси. Алар шайланууга жана шайлоого укуктуу. Бирок, Конституцияда кээ бир чектөөлөр бар. Муну “шайлоо цензи” деп коет. Биздин бүгүнкү Конституцияда төмөнкү чектөөлөр бар: Биринчи, жашы – “курактык ценз” деп аталат. Экинчи – тил, “тилдик ценз”. Үчүнчү – туруктуу жашагандыгы, «ценз оседлости» деп аталат. Чектелген “диний ценз” да бар. Диний негизде саясий партияларды түзүүгө тыюу салынган. Мындан башка ценз каралган эмес. Өз оюмду айтаардан мурун жалпыга бирдей шайлоо укугунун тарыхы жөнүндө айтайын. Илгери карапайым адамдар адам катары эсептелген эмес. Мамлекеттин ээси Падыша болгон. Кийинчерээк аристократия болгон. Байлар жана төбөлдөр гана добуш берип карапайым адам шайлоого жакын жолотулган эмес. Бүткүл дүйнөдө теңдик, адилеттүүлүк үчүн күрөш жүргөн. Француз революциясынан кийин Францияда “бардык адамдар (алар адамдар дегенде эркектерди гана айткан) бирдей шайлоо укугуна ээ” деп айтышкан. Бирок, ал Европа өлкөлөрүндө XX кылымдын I жарымында, II Дүйнөлүк согушка чейин гана турмушка ашкан. Ал эми аялдарга II Дүйнөлүк согуштан кийин укук берилген. Рассалык турдө чектөөлөр болуп, негрлер шайлоого көп өлкөлөрдө катыша алган эмес. Америкадагы революциядан кийин негрлерге да укук берилип, бирок, ар бир штат ар кандай бут тосууларды жасап, аларды шайлоого катыштырбаганга аракет кылышкан. Кандай бут тосуулар? Мен жана айткандай, илгерки, мындан жүздөгөн жылдар мурунку шайлоо укугуна “мүлк цензи” пайдаланылган. Эгер, сенин үйүң болсо, салык төлөп турсаң, банкта акчаң болсо, сен гана шайлана алгансың. Ошондой эле “билим цензи” болгон. Жазганды, окуганды билсең, кийинчерээк жогорку билимиң болсо гана шайлоого катыша алгансың. Мына ошондой цензден дүйнө XX кылымдын II жарымында биротоло кутулган. Бирок, Кыргызстан кайра артка кетип, Конституцияны бузуп, кээ бир социалдык белгилери боюнча шайлоо укугун чектегени жатат. Булар да “билим цензин” киргизгени жатышат. Жогорку билимди, өзгөчө рынок шартында көрүнгөн адам эле ала бербейт. Аны алыш үчүн ата-энеңдин колунда болушуң керек. Шаарга келип, тигил же бул окуу жайында окуп, жогорку билим ала алгандай болушуң керек. Ошентип, адамзат араң кутулган мүлктүк ценз кайра келип жатат. “Атаң бай болбосо, өзүңдүн колуңда жок болсо, эл өкүлү боло албайсың” деген байыркы адилетсиз тартип кайра сунушталып жатат. Эгер, “жогорку билими жок адам шайлоого катыша албайт, депутат же эл өкүлү боло албайт, элдин атынан сүйлөй албайт” десек, биз Конституциянын статьясында жазылган “Кыргызстан – суверендүү өлкө, анын ээси эл. Эл — бийлик булагы” деген принциптен кайтып жатабыз. “Граждандар социалдык абалына карабастан, бирдей шайлоо укугуна ээ” деген экинчи принципти дагы бузуп жатабыз. Эгер, мындайга барсак, эртең улуту боюнча ценз, рассалык, дини, мүлкү боюнча ценз киргизели. Мындан улам жүздөгөн жылдар мурунку тартипке, кайра артка кайтканга жол ачып жатпайбызбы! Ошондуктан, мен билим боюнча ценз киргизүү Конституциянын эки принцибине каршы келет деп эсептейм.

— Авторлор “айыл өкмөт, аким болуш үчүн билим талап кылабыз”, “президент же депутат болуш үчүн билим талап кылбаганыбыз – бул абсурд” деп жатышат…

— Мен жана айткандай, Конституция бардык эле маселелерди чечкен эмес. Аткаруу бийлиги жергиликтүү бийликтин уюштуруу тартиби жөнөкөй мыйзамдар менен аныкталат. Ал эми Конституциянын негизги маселеси бийликтин маселеси болгон үчүн бул жерде президент менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартиптери, принциптери ачык көргөзүлгөн. Бул жерде мен жана санагандан башка ценз болушу мүмкүн эмес. Артка феодализмди көздөй жол болбош керек. Бул мыйзам жагынан. Эми логика жагынан алып карайлы. “Эгемен” деген сөз «эгеси мен», “ээси мен” дегенди түшүндүрөт. Карапайым адам мүлкүнө, социалдык абалына карабастан, өлкөнүн бирдей кожоюну болушу, анүчун добуш берүүгө жана шайланууга укугу болуш керек. Бул саясий, өкүлчүлүк бийликти уюштуруунун негизги принциби. Ал эми аткаруу бийлиги, жергиликтүү бийликтеги тигил же бул кызматтарына кошумча талаптар мыйзам менен киргизилет. Анткени, ал анын иштеген кесибине жараша болот. Мугалим болуш үчун пединститутту бүтүшүң, адвокат болуш үчун юридикалык билим алышың керек ж.б.у.с. Мунун баары мыйзамдарда көргөзүлгөн. Бул адам укугун кемсинтүү эмес, тескерисинче, адам укугун коргогондукка жатат. Анткени, адистер гана адамдарга кызмат көргөзүш керек. Адамдар кызматтын сапатынан жабыркап калбаш керек. А мамлекет менен жергиликтүү бийлик органдары элге кызмат көргөзө турган органдар. Ошон үчүн анын тил же адистигине шарт коюлат. Бул адамдардын “эгемендик ар бирөөнө” деген саясий укугун чектөөгө жатпайт деп эсептейм. Дагы айтам, президен, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаты болуш үчүн социалдык абалы боюнча чек коюлбашы керек. Жогорку билим так ушул социалдык абалдын белгиси. Мүлкүң бар, жок, бай, кедей дегендин белгиси. Сталиндин, Лениндин жогорку билимдери болгон эмес. Шоопур Мадуранын да билими жок. Көп революциялык лидерлер качып, бозуп, оппозицияда жүрүп, токойлордо, тоолордо партизан болуп жүруп, билим ала алышкан эмес. Бирок, алар өз өлкөлөрүн түптөп, бутуна тургузушту. Ошондуктан, биз жалпыга бирдей шайлоо укугу деген эмне, анын тарыхын эске алып, артка эмес, алдыны көздөй жылышыбыз керек деп ойлойм. Бүгүнку депутаттардын дээрлик 90 пайызынын бирден эмес, экиден, үчтөн дипломдору бар. Бул алардын сапатын күчөттүбү, жок. Депутат Конституциянын жана абийиринин алдында жооп берет. Депутат биринчи кезекте абийирдүү болушу, айткан убадасын, сөзүн унутпашы, принцибин сатпашы керек. Депутат бардык маселе боюнча адис болушу шарт эмес. Анткени, ал турмушта боло турган бардык маселелер боюнча чечим кабыл алат.

— Мурун эле “соттолуп жазасын өтөп жаткандар, жазасын өтөп бүтүп, бирок соттуулугу алына элек жарандар талапкерлигин президенттикке, же депутаттакка кое албайт” деген чектөө бар эле. Азыр аны андан бетер күчөтүп, “соттуулугу алынгандан кийин дагы 15 жылга чейин шайлоого катышпасын” деген норма киргизип жатышат. Бул саясий максатта колдонулбайт дегенге кепилдик барбы?

— Дагы тарыхты карайлы. Мен жогоруда айткандай, ценздин түрлөрү бар. “Саясий ценз” – бул Чыгыш Европа өлкөлөрүндө “мурунку коммунистер шайланууга укуктары жок” деп убагында чек коюлган. Муну “люстрация” деп коет. Латын Америкаларындагы кээ бир өлкөлөрдө “аскер адамдары (анткени ал жакта көп жыл аскердик диктартура болгон) шайлана албайт” деген чектөө болгон. Кээ бир өлкөлөрдө “тигил же бул дин кызматкерлери, же тигил же бул дин өкүлдөрү шайлана албайт” деген чектөөлөр бар. Бул жерден дагы айта кетиш керек, Кыргызстанда дагы динди максат кылган саясий партиялардын түзүлүшүнө тыюу салган. Европада андай тыюу жок. Кыргызстан өзүнүн шартын эске алып, ошондой ценз койгон. “Моралдык ценз” деген да бар көп өлкөлөрдө. Соттолгон адамдардын шайлоого катыша албасы мына ушул моралдык ценздин бир түрү. Мындай ценз бизде мурунтан эле бар. Соттолуп, жазасын өтөп жаткандар, жазасын өтөп бүтүп, бирок соттолгондугу алына элек адамдар шайлоого катыша албайт. Кыргызстан ОБСЕнин мүчөсү. ОБСЕ өлкөлөрундө дагы “жазасын өтөп бүткөндөн кийин 0,5-10 жылга чейин шайлоого катыша албайт” деген тартип, чектөөлөр бар. ОБСЕнин 58 мүчө өлкөлөрүнүн ичинен “10 жыл” деген эң катаал чектөө Кыргызстанда. Мындан ашык чектөө болушу мүмкүн эмес. Анткени, “соттолгон” деген түшүнүк адамдын тигил же бул саясий укугун чектөө үчүн киргизилген институт. Бүгүн жаңы Жазык кодекси боюнча соттуулук өтө оор кылмыштар үчүн 15 жылга көтөрүлдү. Келдибеков менен Ташиевдин мисалында мыйзам долбоорун карап көрөлү. Алар 2014-жылы соттолгон деп эсептелинсе, 2023-24-жылга чейин шайлоо жакка бут басып келгенге укуктары жок. Мен эмне үчүн бул адамдарды мисал келтирдим. Анткени, адамды камабай, кылмыш кодекси боюнча штраф салса дагы болот, бирок, сен соттолгон деп эсептелинесиң. Мыйзам долбоору боюнча оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолсо, 10 жылга чейин, майда-барат кылмыш кылып, штарф алсаң дагы 5 жылга чейин, өзгөчө оор кылмыш кылсан 15 жылга чейин соттуулугу алынгандан кийин дагы шайлоого бара албайсың. Ушул мисалдар көргөзгөндөй, бул аша чапкан сунуш кылуу болуп жатат. Ансыз деле ОБСЕ өлкөлөрүнүн ичинде эң катаал шарт Кыргызстанда. Мурун 10 жыл болсо, азыр 15 жыл. Бул эң чоң чектөө. Бүгүнкү 15 жыл чектөө жетет деп ойлойм. Ошондуктан, мен депутаттардын Шайлоо кодексине бул сунушун туура эмес деп эсептейм. Эгер, 15 жыл аз дей турган болсок, анда, Кылмыш кодексине соттолгондуктун мөөнөтүн 20-25 жылга көтөрүп коелу. Анда да өзүбүз мүчө болгон 58 ОБСЕ өлкөлөрүндө максималдуу мөөнөт канча экендигин дагы эске алышыбыз керек. Бул норма саясий максатта колдонулушу мүмкүн. Мисалы, Садыр Жапаров 2017-жылы 12 жылга соттолду. Ал өз мөөнөтүн 2029-жылы өтөп бүтүп, чыгат. Эски Кылмыш кодекси боюнча анын соттолгону 10 жылдан кийин (2039-жылы) алынат. Жаңы сунуш кылынып жаткан мыйзам боюнча, 2039-жылдан кийин (соттолгону алынгандан кийин дагы) дагы 15 жыл Садыр Жапаров шайлоого катыша албайт. Бул деген сөз “Садыр Жапаров 2054-жылга чейин шайлоого катыша албайт” дегенди билдирет. Азыр 50гө чыкса, 85 жашка чыккандан кийин шайланууга укугу болот…

Динар Турдугулова

(Маекти алууга жардам берген адвокат Т.Токтакуновага ыраазычылык билдиребиз)

 

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу