ТЕКЕБАЕВ: “Бир мандаттуу шайлоо системасы кирсе, эл-жер үчүн күйгөн патриоттор өтүп келет» деген куру кыял, жомок”  

— Өмүрбек Чиркешович, “Азыркы Жогорку Кеңеш Кыргызстандын тарыхындагы эң алсыз, жек көрүндү парламент болуп бара жатат, бул парламенттин мындай болуп калышына шайлоо системасы күнөөлүү, шайлоо системасын реформалап, өзгөртүп, партиялык-пропорционалдык системадан кетип, бир мандаттуу мажоритардык системага өтүү керек» деген ойлор эл арасында айтыла баштады. «Партиялык шайлоо Текебаевдин сунушу» деп айтылып да жүрөт. Сиз эмне дейсиз?

— Бүгүнкү шайлоо системасы 2007-жылы ошол кездеги президент Бакиевдин демилгеси менен референдумда кабыл алынгандыгын айтып коюшум керек. 2010-жылы күтүүсүз парламенттик шайлоо болду. Жаңы шайлоо жөнүндө мыйзам кабыл алууга мүмкүнчүлүк болбогондуктан, шайлоо Бакиевдин убагындагы мыйзам менен өттү. 2010-жылы кабыл алынган Конституцияга ылайык, Кыргызстанга парламенттик башкаруу формасы кирип, партиялардын ролу күчөгөн. Өкмөттү шайлоодо уткан партиялар түзүшөт. Ошондуктан пропорционалдык шайлоо системасы болуш керек. Туура, азыр «саясий аналитикмин, саясатчымын» дегендер, саясатка кызыккан карапайым адамдар да сөздү баштаганда эле, «парламенттеги 120 депутат көп, аны азайтыш керек», деп ар кимиси ар кандай цифраларды айтышат. Бирөөсү 15, башкасы 30, 40, дагы башкалары 60, 90 депутат болуусу керектигин айтышат. Эң өкүнүчтүүсү жөнөкөй адамдар гана эмес, саясатчылар да Кыргызстандын алдында турган пробемаларды, аларды чечүүнүн оңой жолу катары депутаттардын санын азайтууну гана сунуштап, ал эми проблемалардын табиятын, себебин, аларды чечүүнүн жолдорун көргөзүшпөйт. Эгер, кептин баары депутаттардын санында эле болсо, жашоо жеңил болбойт беле. Адам – социалдык жандык. Анын психологиясы белгилүү мыйзамдарга баш ийет. Социология, психология боюнча адистер изилдеп, төмөндөгүдөй мыйзамды ачышкан: минималдык топ 7 адамдан кем эмес болуш керек. Ошол топтун ичинде табият бөлүп койгон ролдор бар. Лидер, лидердин жардамчысы, оппозиция, баарын угуп иштей турган адамдар, акылдуусу, куусу, жалкоосу, мээнеткечи ж.б. Топтогу ушул зарыл болгон ролдорду ээлегенге 7 адам жетет. Оптималдуу топ 10-12 адамдан турат. 25-40 адамга чейинки чоң топ “оптималдуу команда” деп эсептелет. (28 солдаттан турган взводду эстеңиз). Мунун парламентке кандай тиешеси бар? Парламентте партиялык фракциялар командалардын ролун аткарышат. Парламент дагы соцпсихологиянын мыйзамдары менен гана эмес, Конституция менен да фракцияларга бөлүштүрүлгөн. Бийликчил фракция болот, ортозаар фракция, оппозициялык, келишкиз оппозициялык фракциялар болот. Мына ушул ролдорду аткарган фракциялар сөзсүз болушу шарт. Коомдогу 3-4 соцалдык топтун кызыкчылыгын, пикирин чагылдырган команда-фракциялардан турган парламентте, 100-150 депутат болот экен. (103-110 солдаттан турган ротаны эстеңиз). Антпесе, парламентте толук кандуу конкуренция болбойт, парламент өз милдетин толук кандуу аткара албайт. Мына ушундан болсо керек, практикалык жол менен көпчүлүк майда өлкөлөр парламенттик депутаттарынын санын 100дөн 150гө чейин түзүшөт. А чоң өлкөлөрдүн парламенттеринде 2,5 миңге чейин депутаттары бар. “Сандан сапатка өтүү” деген мыйзам так ушул жерде байкалаарлык иштейт. 1993-жылы кабыл алынган Конституцияга ылайык, эки палатадан турган Жогорку Кеңеште 105 депутат болгон. Эл өкүлдөр жыйынында 70, Мыйзым чыгаруу жыйынында 35 депутат болгон. Мен ошол Мыйзам чыгаруу жыйынынды иштегем. Ошол жылдары нарындык бир карт саясатчы келип, «Өмүке, бир тайлык турбайсыңарбы» деп айтты. Түшүнбөй, «бир тайлык деген эмне» деп сурасам, «бир тай союп, конокко чакырып, бир дасторконго отургузуп, 18 депутаттын көңүлүн алсаң, парламент сеники экен да»,- деп прагматкалык оюн айтып кеткен эле. 35 адам тез эле тил табышып алат. Бири-бирин капа кылгысы келбейт. Бүгун биринин көңүлүн алып, анын мыйзамын, сунушун колдосо, эртең жапырт экинчисиникин колдоп берет. Ошентип, жең ичинен иштер бүтүп, эң негизги объективдүүлүк, саясий конкуренция, атаандаштык болбойт, талаштан тактык жаралбайт. 2010-жылы ошондуктан, дүйнөлүк практиканы эске алып, “120 депутат болсун” деп тандадык. 120 депутаттар жетишээрлик көп. Мынча адамдар жең ичинен тымызын сүйлөшө алышпайт. Сыр сакталбай коомго тарап турат. Образдуу айтканда, бир досторконго батышпайт. Атаандаштык пайда болот. Жыйынтыгында мындай парламент коомго көбүрөөк пайдалуу болот. Биз түзгөн саясий система атаандаштыкка негизделген система. Атаандаштыктын кыймылдаткыч күчү адамдардын жакшы сапаттары эле эмес, алардын жаман сапаттары да болот. Ал кандай жаман сапат: ичи тардык, бийликке, байлыкка умтулгандык, тойбостук, көралбастык жана башкалар. «Мына ушул жаман сапаттар да атаандаштуулукту пайда кылып, жыйынтыгы коомго пайда алып келиш керек» деген принцип менен түзүлгөн саясий система.

— Ошондо 120 деген сан кайдан келип чыкты?

— Дүйнөлүк тарыхый тажырыйбадан. Кыргызстан кичине өлкөлөрдүн катарына кирет. Биздей өлкөлөрдүн парламенттеринде депутаттарынын саны 100дөн 150гө чейин. Мисалы, мурунку СССРдин республикаларынын парламенттерин карап көрөлү:

өлкөнүн аты.         калкы (млн.).        депутаттардын саны.

Кыргызстан            6.2.                            120
Таджикстан            8.5.                            96 (33+63)
Өзбекстан               29.9.                          250 (100+150)
Казакстан                17.6.                          154 (47+107)
Түркмөнстан          5.4.                            125
Азербайжан           9.8.                            125
Грузия                      3.7.                            150
Армения                  3.                               132
Молдова                 4.1.                            101
Украина                  44.8.                          450
Белоруссия            9.5.                             174 (64+110)
Латвия                    1.95.                           100
Литва                      2.8.                             141
Эстония                  1.3.                             101

Эми Европадагы кичине өлкөлөрдүн парламентин карайлы:

Финляндия                 5.5.                     200
Швеция                       9.9.                     349
Норвегия                    5.2.                     169
Дания                          5.7.                     179
Бельгия                      11.3.                   210 (60+150)
Венгрия                      9.7.                    199
Чехия                         10.6.                   281 (81+200)
Словакия                   5.4.                    150
Болгария                  7.1.                     240
Румыния                  19.6.                   588 (176+412)
Сербия                     7.                         250
Черногория           0.628.                   81
Македония           2.                           120
Хорватия               4.1.                        151
Греция                  10.7.                       300
Албания               2.8.                         140
Австрия                8.7.                        245 (62+183)

— Мажоритардык, бир мандаттуу система менен партиялык-пропорционалдык системанын айырмасы эмне? Эмне үчүн бизге пропорционалдык система керек?

— Эң байыркы шайлоо системасы – бул мажоритардык шайлоо системасы. Анын принциби: «уткан баарын алат, утулгандын шору». 50 пайыз + 1 добуш алган адам баарын алат. 50% — 1 добуш алган адам же, саясий топ куру жалак калат. Демек, өкүлчүлүк толук болбойт. Ошон үчүн муну «адилетсиз шайлоо системасы» деп эсептешет.

Экинчи кемчилиги, парламент атомизация болот, ыдырыйт, бириндейт. Бирин-бири укпаган, бири-бири менен эч нерсе байланыштырбаган, «мен кыйынмын» деген 120 адам депутат болуп келет. Андайларды бириктирип топ түзүү, Өкмөт түзүү, бирдиктүү саясат алып баруу абдан кыйын болуп калат. Жыйынтыгында парламент алсыз болот.

Россия Федерациясындагы, башка КМШ өлкөлөрүндөгү шайлоолордун практикасын изилдөөлөр өргөзгөндөй, бир мандаттуу шайлоо округунда административдик ресурстун таасири чоң болот. Жергиликтүү бийлик: аким же, губернатор кимди айтса, ошол өтөт. Бир мандаттуу шайлоо округунда финансы ресурсунун күчү да эбегейсиз көп болот. Ошол жердин магнаттары, базарларды ээлегендер, ресторан-кафелери, заправкалары барлар жана башка ишканалары барлар баарын ээлеп, «бөтөн адам» деп башка жактан келгендерди киргизбейт. Мен бүгүн бул жерде жатып эле, Ат-Башыда кайсы кландар чабышаарын, кимиси өтүп келээрин, Алайда же, Кара-Сууда кайсы кландар чабышып, кимиси өтүп келээрин айта алам. Административдик ресурс күчтүү болгон жерде, жергиликтүү бизнесмендердин баарын кысып, бир талапкерди колдотуп коет. Административдик ресурс начарыраак болуп, финансылык ресурс кучтүүрөк болсо, жергиликтүү «олигарх» акимди, милициясын, прокурорун кошо сатып алып, өзүнүн тууганын: балдарын, бөлөсүн, жээнин же башка адамдарын кезек-кезеги менен Жогорку Кеңешке депутат кылып шайлап коет. «Бир мандаттуу шайлоо системасы кирсе, эл-жер үчүн күйгөн патриоттор өтүп келет» деген куру кыял, жомок. Мен 1990-жылы, Дооронбек аке, Адахан дагы бир нече жөнөкөй адамдар 1995-жылы шайлоодо өтуп келишкен. Калганынын баары колунда кызматы бар же, акчасы барлар депутат болуп келишкен. Ал убакта байлар тамырлаша элек эле. Эл башкача эле. Азыр эл бай-кедей болуп бөлүнүп, байлар өзүнчө класс болуп калыптана баштады. Эми жөнөкөй мугалим, журналист, жазуучу же инженер шайлоодо өтүп келиши өтө кыйын болуп калат. Мен жана айткандай, кландар округдарды «приватташтырып», кландардын өкүлү келе турган система түзүлөт. Депутаттардын көпчүлүгү кландардын кызыкчылыгын коргоп, өзүнүн кишилерин кызматка коет, бизнес кызыкчылыгын коргойт. Региондордон бириндеп барган ал депутаттардын биригиши кыйын болот, бир топ, күч да боло албайт. Өкмөттү көзөмөлдөй албайт.
Эгер, парламенттик системада бир мандаттуу округдар болсо, коалиция түзүү дээрлик мүмкүн болбой калат. Бүгүн үч-төрт фракция башын бириктире албай жатса, анда 61 фракциядан колиция түзүүгө туура келет. Ар бир депутат Өкмөт менен өзүнчө сүйлөшүп, өзунүн бизнес кызыкчылыгынын, же туугандарын кызматка коюнун үстүндө иштеп, жеке кызыкчылык үстөмдүк кылган система орун алып калат да, парламент өзүнүн көзөмөл функциясын жоготот. КМШ өлкөлөрүнүн тажырыйбалары көргөзгөндөй, мажоритардык система менен шайланган парламент тез эле аткаруу бийлигине баш ийип берет. Ошондуктан, биз тандаган парламенттик системада бир мандаттуу округдардын болушу максатка ылайыктуу эмес.

— Системанын кемчиликтерин санадыңыз. Жакшы жактары жокпу?

— Талашсыз жакшы жагы бар. Ал – депутаттар регион жана шайлоочулар менен тыгыз байланышта болот. Анткени, ал бир райондон, бир региондон шайланып келет. Шайлоочулар менен тынымсыз иштейт. Шайлоочулардын ой-пикири аларга түздөн-түз жетип турат. Бул мажоритардык системанын талашсыз оң жагы.

— Пропорционалдык система жөнүндө эмне айта аласыз?

— Пропорционалдык система XIX кылымдын аягында пайда болгон. Тагыраагы, парламенттик республикалар пайда болгондо, пропорционалдык шайлоо системасы пайда болгон. Бул шайлоо системасынын принцибин мен «күч бирдикте» деп коет элем.

Кыргызда бир жомок бар. Аксакал кишинин беш баласы болот. Балдарын чакырып, ар биринин колуна бирден чыбык берип, «сындыргылачы» десе, баары бирден тал чыбыкты тарсылдатып сындырып салышат. Беш чыбыкты бириктирип, бир боо кылып, «эми муну сындыр» деп бирден баласына берсе, сындыра албай коюшат. Анда атасы «көрдүңөрү, силер бир ууч болуп, ынтымакта болсоңор, эч ким сындыра албайт, эч ким жеңе албайт. Жалгыз-жалгыздан болсоңор, алсыз болосуңар»,- дейт. Мажоритардык системанын алсыз жагын – парламент атомизация болуп, депутаттар бири-бири менен бирикпеген, баш ийбеген абалды пропорционалдык система оңдойт. Алар партиядан шайлангандыктан, бир команда болот, парламентке келип, бир түзүмгө, структурага ээ болушат, мындай парламент күчтүү болот. Шайлоонун жыйынтыгы адилеттүү болсо, мандаттар адилеттүү бөлүнөт. Анткени, 10 пайыз добуш алган партия 10 пайыз үлүшүн, 20 пайыз добуш алган партия 20 пайыз үлүш мандат алат. Ошентип, бул жерде таптакыр куру жалак калган партиялар аз болот. Демек, коомдо саясий стабилдүүлүк болот. Парламенттеги партиялардын саны шайлоо босогосунан көз каранды. Бизде азыр 7 пайыз босогону бүгүнкү бийлик «9 пайызга көтөрөбүз» деп, сунуш киргизип жатышат. Пропорционалдык системанын оң жактары:
— мандаттар адилеттүү бөлүнөт,
— парламентте биригүү болуп, фракциялар түзүлөт. Демек, парламент кучтүү болот.
— Партиялардын түзүлүшү стимулдашат. Өлкөдө саясий конкуренция мейкиндиги айда болот. Парламентаризм прициптери өнүгөт.

— А пропорционалдык системанын терс жактары кайсылар?

— Пропорционалдык системанын да кемчиликтери бар. Мында депутаттар түз шайлоочулар аркылуу шайланбастан, партиялар бекиткен тизме аркылуу шайланат. Депутаттар менен шайлоочулардын, алар жашаган региондун байланышы начар болот. Бул мунун эң негизги кемчилиги. Депуттарды эл шайлабай, тизмени партия түзгөндүктөн, саясий-партиялык коррупциянын пайда болушуна алып келет.

— Ушундан улам бир суроо. Элде «партиялар депутаттык орунду сатат экен, ким канча акча бергенине жараша алдыңкы орунда турат экен» деген сөздөр бар. Бул айтылгандардын канчалык деңгээлде чындыгы бар?

— Шайлоого акча кетет. Шайлоо кымбаттап жатат. Бул Кыргызстандагы эле эмес, бүткүл дүйнөдөгү тенденция. Америкада шайлоодо президенттикке талапкерлер миллиарддан ашык долларларды расмий түрдө кетиришет. Индияда да президенти шайланганда 1,5 млрд. акчаны расмий коротту. Бул объективдүү көрүнүш болуп калды. Бирок, акча мыйзам менен чектелиш керек жана ал шайлоочуларды түздөн-түз сатып алууга колдонулбаш керек. Партиялар шайлоо фондун түзүп, акча жыйнашат. Бардык талапкерлер бирдей акча чыгара алышпайт. Ич ара сүйлөшүп, алдыңкы орунга тургандар көбүрөөк акча салган учурлар кездешет. Бирок, бул ар партияда ар башка. Ошондуктан, «калк айтса, калп айтпайт» дегендей, алар да бир нерсенин четин уккан үчүн айтып отурушат. Мен партиялык сырдын бир четин эле ачтым.

— Бирок, сиз айткандай болбой, шайлоодон-шайлоого капчыктуулар көп өтүп, акча бербей келгендерди президент баш болуп, «балашка» деп шылдыңдап жатышпайбы. Бара-бара акчасы жоктор таптакыр келбей калбайбы?

— Пропорционалдык шайлоо системасынын жүздөн ашык түрү бар. Ар мамлекет тарыхый, саясий кырдаалга, өлкөнүн алдындагы проблемалырдын табиятына, аларды чечүү үчүн тандалган жолдорга жараша пропорционалдык шайлоо системанын түрүн тандап алышат. Азыр биз кайсыл проблемаларды чечишибиз керек:
— депутаттыкка талапкер тандоодогу саясий-партиялык коррупцияны жоюу;
— партиялык тизмедеги талапкердин ордун партиялык жетекчилик эмес, шайлоочулардын аныкташы;
— шайлоочулардын санына жараша региондордун квотасын гарантиялоо;
— шайлоочулар, региондор менен депутаттардын байланышын тыгыз кылуу;
— региондордон жаңы, жаш лидерлердин чыгышына шарт түзүү;

Ошондуктан, 2014-жылы жазда эле «Ата Мекен» фракциясы жогоруда саналган проблемаларды чечүү үчүн, шайлоо системасын реформалоо үчүн мыйзам долбоорун Жогоку Кеңешке сунуш кылганбыз. Алгач ал проектти Президент Атамбаев жана фракциялардын жетекчилери колдошкон. Бирок, Атамбаев күздө айнып кетип, бул мыйзам долбоору кабыл алынбай калды.

— Сиздер 2014-жылы кандай түрүн сунуш кылдыңыздар?

— Мажоритардык шайлоо системасы менен пропорционалдык шайлоо системаларынын жакшы жактарын айкалыштыруучу жолун сунуш кылганбыз. Бүгүнкү системага болгон эң чоң нааразылык – партиялык саясий коррупциянын болушу, депутаттарды эл тандабай эле, партия жетекчилери тандап, алар өзүнүн жакындарын, же капчыктууларды тизменин алдыңкы сабына коюп, депутат кылып алып келип жатканы. Көпчүлүк партияларда чын эле ошондой болуп жатат. Мындан кутулуунун жолу партиялык тизмени партия эмес, партия жетекчилери эмес, эл түзүш керек. Андай тизмени «ачык тизме» же, «ийкемдүү тизме» деп коет. Партия тизмени түзүп, элге сунуштайт. Эл партияга добуш берип, анан партиянын тизмесинин ичиндеги өзү жактырган үч талапкерге добуш берет. Ошондо, тизмеде биринчи орунда турган лидер элден добуш албаса, 100-болуп түшүп, ал эми 100-орунда турган талапкер биринчи орунга чыгып кетиши мүмкүн. Бул акчасы жок бирок, эл колдогон, популярдуу лидерлердин парламентке келишине шарт түзөт. Бул система ишке ашыш үчүн Кыргызстан 7 чоң шайлоо округтарына бөлдүнөт. Бул региондор – облустар. 120 мандат шайлоочулардын санына жараша ошол региондорго бөлүнүп берилет. Бул региондорго квотаны камсыз кылат, жаңы регионалдык лидерлердин пайда болушуна шарт түзөт. Партиялар ар бир регионго өзүнчө тизме жылдырышат.

Кайсыл регионго канча депутаттык мандан бөлүнөт?

— Кыргызстанда 3 168 201 шайлоочу бар. Түштүк региондоруна 62 мандат, түндүк региондоруна 58 мандат тийет:
Баткен шайлоо округуна — 11 мандат.
Ош шайлоо округуна — 29 мандат.
Жалал Абад шайлоо округуна — 22 мандат.
Бишкек-Чүй шайлоо округуна — 30 мандат.
Ыссык-Көл шайлоо округуна — 11 мандат.
Нарын шайлоо округуна — 9 мандат.
Талас шайлоо округуна — 8 мандат.

Бул жерде, Ош облусу менен Ош шаары бир шайлоо округу, Бишкек шаары менен Чүй облусу бир шайлоо округу. Алыскы жана кичине региондорду колдоо максатында Жалал-Абад, Ош шайлоо округтарынын эсебинен Баткен шайлоо округуна бир мандат, Бишкек-Чүй шайлоо округунун эсебинен Талас, Нарын шайлоо округдарына экиден мандат кошулган. Чет өлкөдөгү шайлоочулар Бишкек-Чүй шайлоо окуругуна кошулган.

Динар Турдугулова

(Маекти алууга жардам берген адвокат Т.Токтакуновага ыраазычылык билдиребиз)

Аргумент.kg
Жооп калтыруу