ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВДИН ТАРАПТАШТАРЫ ЖӨӨ ЖҮРҮШТҮ УЛАНТЫШУУДА

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылында Жогорку “Ата Мекен” фракциясынын лидери  Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары жөө жүрүшкө чыгышты. Алар  Ө.Текебаевди камактан чыгарууну талап кылышууда.

Эске салсак,  Башкы прокуратура Текебаевге карата “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.Ага орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы 1 миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген айып тагылууда. Биринчи Май райондук соту Текебаевди 2 айга камоо чечимин чыгарган.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу