Өмүрбек Суваналиев башын чыгарды

Шайлоо сайын таштын жаракасынан чыга калган Өмүрбек Суваналиев (Катани) быйылкы аламанда негедир жымжырт болуп кетти, суу жүрөк агабыз бөлөк жакка куйругун түйгөнбү деген бүдөмүк ойдо жалпыбыз кабатыр болуп жаткан элек. Көрсө, капчыгы жукалыктан шайлоого катыша албаганы менен буктурмада жаткан экен, төрт күн мурда булуттан чыккан айдай жарк этип, Канат Исаевди жактаган таризде НТСтен бурк этти. Арийне, Өмкө бул билдирүүсү менен саясатта бар экенин жана оппозициялык маанайда жүргөнүн ачыкка чыгарганы менен кайрат-күчүн көрсөтө албады. Маанайы чөгүңкү, шалдайган кебете-кешпири менен көңүлдү чөктүрдү. Өрт болуп жанган мурунку Катанинин мизи кайтып, элеси гана калыптыр, байкебиз карылыкка алдырган окшойт. Эми “жилик” талашпай, “крит” кеткенден кийин үйүндө эле олтурса деген тилек.

Булак: Де-Факто

Аргумент.kg
Жооп калтыруу