Өмүрбек Суваналиевдин кел-кели келдиби?

Өмүрбек Суваналиев Акаев, Бакиевдин башкаруу заманында чоң кызматтарды ээлеп, өзүн көрсөтүүгө аракет кылды. Бирок Атамбаев заманында четке сүрүлүп, бош жүрдү. Эми Жээнбеков заманында багы кайрадан ачылып, кызматка келген. Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болгонуна деле көп боло электе, УКМКнын башчысы Идирис Кадыркулов кызматтан кетти. Анын кызматтан кетиши, Суваналиевге оомат алып келчүдөй болуп тургансыйт. Көпчүлүк, бул кызматка аны татыктуу кадр катары эсептеп, сүрөп жатышат. Президент болсо, бул маселе боюнча бир чечимин ачыктай элек. Балким, “Каттанинин” кел-кели чындап келип жүрбөсүн. Чынында Суваналиев УКМКны жетектеп калса, жетиштүү деңгээлде иштеп берер. Бирок президенттин саясаты менен болуп, ээн-эркин иштей албасы түшүнүктүү.

Булак: «Багыт»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу