Өмүрбек Бабанов дүйнөлүк олимпиададан алтын медаль утуп келе жатабы? Келдибековчу?

Негизи жеке кызыкчылык коомдун кызыкчылыгынан кийин турушу кажет. Саясатчы үчүн мамлекеттин бейкуттугу, өлкө тынчтыгы баарынан жогору болуш керек. Элди дүрбөтүп, алыстан айгай салган Өмүрбек Бабанов эмне дүйнөлүк олимпиададан алтын медаль утуп келе жатабы? Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп, же бир ачылыш жасадыбы? Болбосо эмне мынча өзүн жарнамалады? Куру чаканын добушу катуу чыккандай, көөдөнүндө көрөнгөсү жоктордун да добушу катуу чыгат бейм?

Партиялаштары, ооруп дарыланууга кетти дешти. Анан өзү саясаттан кеттим деп жар салды. Бирөө бир нерсе дедиби? Бүгүн, “шайлоочуларым күтүп атат” деп “ыйламсыраган” Бабанов эмне үчүн анда 2017-жылы шайлоочуларын ойлогон жок? Элдин ишенимин тепсеп кеткен саясатчыга бүгүн эл керек болуп калдыбы? Же чет өлкөгө чыгып кайтып келе жаткан жалгыз гана Бабановбу?

Мына 2014-жылы тергөө абагында жатып, төрт жолу операция болгон Ахматбек Келдибеков соттун уруксаты менен чет өлкөдө дарыланууга учуп кеткен. Ошондо кылдан кыйкым издегендер “кайра келбейт” деп бир топ жар салышкан. Анан ал дарыланбай эле эс алып жүрөт деп ызы-чуу кылып кыйкырып чыгышкан. Жалган жалаа, кур доомат өкүм сүрүп, акыйкат арсыздарга тепсеп турган учур болгон. Айласы кеткенде жактоочусу Наталья Чильникина “Келдибековго Түштүк Кореяда текшерүү жүргүзүлүп, Малайзияда операция жасалганы боюнча дарыгерлердин аныктамаларын көтөрүп, маалымат жыйын бергенге аргасыз болгон.

Бирок, Келдибековду келтирбөө айласы менен Атамбаевдин ат кошчулары “кайтып келбе, келсең камаласың”- деп, белгилүү саясатчылар, жакын туугандары аркылуу дембе-дем эскертүү берип айтырганына карабастан “Мен күнөөсүз экенимди далилдейм деп элди козутпай эле кайтып келип, кийинки күнү соттук отурумга катышкан.

Эгерде коркуп, элдин артына жашынгысы келсе, анда ал деле 10 миң, 20 миң кишини тостуруп койгонго кудурети жетет эле да. Бирок мындай шоуну салмагы оор саясатчылар эмес, сахна жылдыздары жасары баарыбызга белгилүү. Акылдуу жана туура саясат жүргүзүш үчүн эл тааныган аздык кылат, элди сүйө билиш керек! Мамлекеттин бүтүндүгү, өлкөнүн тынчтыгы баарыбыз үчүн бийик! Ошон үчүн элди курал кылганды токтотуш керек!

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу