Өлкө калкы арзан интернетке жана сапаттуу электрондук мамлекеттик тейлөөгө карата мүмкүндүк алат.

Өлкөнүн жарандары арзан интернетке жана сапаттуу электрондук мамлекеттик тейлөөгө, ошондой эле санариптик технологияларга байланыштуу жаңы жумушчу орундарына жана квалификацияны жогорулатуу мүмкүндүктөрүнө карата жеткиликтүүлүк алат.

Аталган мүмкүнчүлүк Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган 25 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү грант жана 25 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү кредит эсебинен «Digital CASA (Борбор Азия – Түштүк Азия) – Кыргыз Республикасы» долбооруна жараша пайда болот.

Digital CASA (Борбор Азия – Түштүк Азия) – Кыргыз Республикасы» долбоорунун максаты алгылыктуу баадагы интернетке болгон жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, МКТ тармагына кошумча жеке инвестицияларды тартуу жана республикадагы санариптик мамлекеттик тейлөө көрсөтүү жаатындагы мамлекеттин потенциалын кеңейтүү болуп саналат.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын демилгеси боюнча, мамлекеттик башкаруунун ачык-айкын жана натыйжалуу тутумун түзүүнү көздөгөн «Таза Коом» программасынын алкагында ишке ашырылууда. «Digital CASA (Борбор Азия – Түштүк Азия) – Кыргыз Республикасы» долбоору 2018-2040-жылдарга өлкөнү Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын маанилүү элементтеринин бири болгон бул демилгени ишке ашыруу үчүн негиз түзөт.

«Digital CASA (Борбор Азия – Түштүк Азия) – Кыргыз Республикасы» долбоору «Digital CASA» аймактык интеграциялык программасынын бөлүгү болуп саналат, мында Кыргызстан Афганистан менен катар ага кошулуп жаткан алгачкы эки өлкөнүн бири болуп саналат. «Digital CASA» программасынын максаты деңизге чыгууга мүмкүндүгү жок Борбор Азиянын жана Түштүк Азиянын айрым өлкөлөрүнүн санариптик дивиденддерди алуусуна көмөктөшүү үчүн аларды аймактык жана глобалдык санариптик экономикага интеграциялоо болуп эсептелет.

Маалымдама: Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын миссиясы жакырчылыкты төмөндөтүү, экономикалык өсүшкө жана жалпы бакубаттуулукка көмөктөшүү болуп саналат.

БУЛАК: KYRGYZTODAY.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу