Өлкөнүн алтын-валюта резерви азайды

Чет элдик валюта резерви эл аралык төлөмдөрдү ишке ашыруу, таңкыстыкты жабуу жана сомдук курсун турукташтыруу үчүн пайдаланылат.

Март айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын алтын-валюта резерви 20 миллион 90 миң долларга кыскарганы тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтына жарыяланды.

Мурунку айда Улуттук банк доллар саткан да эмес, сатып алган да эмес. 28-февралга карата алынган маалымат боюнча запас 1 миллиард 991 миллион 490 миң долларды түзсө, марттын аягына 1 миллиард 971 миллион 400 миңге чейин азайган. Улуттук банктын ачык маалыматтары боюнча бул жыл башынан берки эң төмөн көрсөткүч болуп саналат.

Чет элдик валюта резерви эл аралык төлөмдөрдү ишке ашыруу, таңкыстыкты жабуу жана сомдук курсун турукташтыруу үчүн пайдаланылат. Ал алтындан, Эл аралык валюта фондусунун жана ар кыл мамлекеттин акчасынан турат.

Булак: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу