«Өлбөс полк» жүрүшүн баштады

Жүрүштүн катышуучулары Масалиев менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде саат 09:00дө чогулушту.
Ал эми саат 10:00дө Абдрахманов көчөсү, андан ары Фрунзе менен басып, «Жеңиш» аянтына барышат.

Жүрүшкө чыккандар колдоруна согушка катышкан, тылда эмгектенген аталарынын, чоң аталарынын плакаттарын көтөрүп алышкан.

Чогулгандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн айрым көчөлөр маал-маалы менен жабылып, милиция кызматкерлери көз салып турат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу