Өкмөт үйүнө митинг. Эл кышында көтөрүлдү!

Өкмөт үйүнүн алдында “КРнын Жерлерди трансформация кылуу жөнүндө” мыйзамына каршы митинг өтүп жатат.  Анда Сокулук, Аламүдүн районуна караштуу жаңы конуштардын тургундары, аталган мыйзам аркылуу 30 000 калк жашаган жаңы конуштарды кайра өкмөткө алууну карап жаткандыгын, эл бул жерлерди  акча сатып алгандыктан, бул мыйзамга каршы экенин билдирип жатышат

“Биз жашап жаткан жаңы конуштар суу баспаган, кайрак жерлер категориясында болгон. Анан ал жерлерди жеке менчикке  айрым адамдар сатып алып, аны бизге окшогон турак жайга муктаж адамдарга сатышкан. Биз ички мигранттар, жашыл көк китеби бар, акырындык менен трансформация боло турган жерлерди акчага сатып алып, үй салганбыз. Бул жерден төрөлгөн балдарыбыздын алды мектеп жашына жетти. Ушунча жылдан бери турукташып, үй-жай салып алсак, эми Өкмөт провакация кылып, элди экиге бөлүп, жерибизди тартып алуунун аракетинде. Биз кыштын суугуна карабай, каршылык билдиргенибиз ошондон. 42 миң киши жаңы конуштарда документи жок жашап, балдарыбызды же мектепке киргизе албай, же доктурга справка ала албай, жолду, сууну өзүбүз салып, араң жашап жатабыз”,-деди митингччилердин бири Мурадил Беделбаев govori.Tvнын кабарчысына.

Эске сала кетсек, алар вице-премьер министр Дайыр Кенекеевдин чыгуусун талап кылып жатышат. Ушу тапта Бишкектин тегерегинде 50дөн ашык жаңы конуш пайда болгон

 Булак: govori.tv

Аргумент.kg
Жооп калтыруу