Өкмөт мүчөлөрү менен депутаттар улак тартышат

23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Бишкектин «Ак-Кула» ат майданында көк бөрү оюндары өтөт.

Турнирдин өзгөчөлүгү — ага өкмөт мүчөлөрү жана депутаттардан куралган командалар катышмакчы.

Жалпысынан төрт команда катышкан оюнда журналисттерден жана спорт агенттигинен да түзүлгөн командалар катышары күтүлүүдө.

Мелдешти депутат Канатбек Исаев демилгелеп, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Көк бөрү федерациясы уюштурууда.

Оюн 23-февралда саат 10.00дө башталат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу