Өкмөт Мамлекеттик каттоо мекемесиндеги кызматкерлерди көбөйттү

Өкмөт Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу бөлүмдөгү штаттык кызматкерлердин санын көбөйттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Ага ылайык, кызматкерлердин саны мурда 1 миң 140 болсо, азыр 1 миң 177 адамды түзөт. Ошондой эле техникалык жана тейлөөчү персоналдар мурда 531 болсо, азыр 546 адам болот.

Токтомдун ишке ашуусуна Өкмөт аппаратынын мамлекеттик кызмат бөлүмү, финансы жана кредиттик саясат бөлүмү жооптуу.

Булак: Марал 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу