Өкмөт: Кирешесин жашырган аткаминерлерди аныктоо иши жөнгө салына элек

Кыргызстанда мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп мыйзамсыз байыгандарды аныктоо иши жөнгө салына элек. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Экономика министрлигинин коллегиясынын жыйынында сүйлөп жатып мекеменин бул багыттагы иши жетишсиз болуп жатканын белгиледи:

“Министрликтин былтыркы жылдагы негизги кемчилиги – кирешени мыйзамдаштыруу аракеттерине бөгөт коюу өнөктүгүн баштай алган жок. Ошону менен катар аткаминерлердин чыгымдарынын ачыктыгын камсыз кылуучу, мыйзамсыз жол менен тапкан кирешесин жакындарына каттатып койгондорду аныктоо механизмдери бекитилген жок” деди Аскаров.

Коррупциянын деңгээлин иликтеген «Transparency International» уюмунун 2018-жыл үчүн баяндамасында Кыргызстан 2017-жылдагы 141-орундан 132-орунга көтөрүлгөнү айтылат. Бирок алган упайлар 29 бойдон калган. Уюмдун өкүлдөрү жемкорлуктан арылуунун бирден-бир негизги жолу — мамлекеттик органдардын ишинин айкындуулугун камсыз кылуу экенин белгилеп жатышат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу