Өкмөт жазда барып “чабылат”

Кыргызстандагы олку-солку саясат өлкөнүн эртеңки экономикалык абалына жараша болуп калаарын баамдаган айрым тараптар, Кыргызстанда дагы деле тынчтык болбой, жазда башаламандык болот дегендей пикирлерди билдирип келишет. Албетте, алардын деле айткан айрым фактылары чындыкка жакын экенин танууга болбойт. Ички кадр маселесиндеги айрым кетирген кемчиликтер, инвестициянын келишинен мурда, кеткени көп болгон жагдайлар, салыктын жылдагыга караганда көрсөткүчү жагынан аз болушу, Кумтөр сыяктуу ири долбоорлордун мамлекет үчүн майнаптуу чечилбегени коомдо талкууланып жаткан имиш аракеттердин сап башында туруп калышы толук мүмкүн. Мындай көрсөткүчтөргө аткаруу кызматынын башчысы катары өкмөт башы Абылгазиев жооптуу болот. Бул кезде өкмөт кыргыз экономикасын көтөрүүдө алгылыктуу иштерди алып бара албаганы коомчулукта эле эмес, ЖКнын жыйындарында деле айтылып, анын отставкасын талап кылып барып токтогондор да болгон эле.

Айрым маалымат булактары Абылгазиевдин кетээрине аз калды таризде маалымат таратышып, анын ордун айрым атка минерлерге “энчилеп” ийген да жайы бар. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт дегендей, Төрөбаев, Сариев баштагандар, басылмалар аркылуу өздөрүнүн кадырын көтөрүп, “мен татыктуумун, эл суранып атат” дегенчелик маалыматтарды тараттырганы ачык эле билинди. Албетте, Абылгазиевдин азыркы арсар абалын ким болбосун түшүнүп-билип турат. Азыркы бийликтин “билерман” кожосу ким болсо, ал азыр Абылгазиевди кетирүү “оюнун” кылбайт. Жаздагы жайнап кетет деген митингдердин, акыркы маараларында Абылгазиевди “сары улак” кылып чаап, андан аркы жүрүштү улайт. Митингдердин талаптары сөзсүз түрдө экономикалык жагдайлардан алыс кетпейт. Ал учурда жооп катары “шордуу” көнүп калган өкмөттү киритке чаап кутулабыз дейбизда…

Булак: «Факты.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу