Өкмөттө бир катар жетекчилерге сөгүш берип, кызматтан алуу жөнүндө сунуш түштү

Өкмөттүк отурумдун жыйынтыгы менен бир катар мамлекеттик администрациялардын жетекчилерине сөгүш берилип, айрымдарын иштен алуу боюнча сунуш түштү. «2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо тууралуу» президенттин жарлыгын жана өлкөнүн аймактык саясатынын концепциясын аткаруу боюнча 2018-2022-жылдарга карата иш пландарын аткаруу маселеси караган жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тиешелүү сунуш киргизди. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Андан алынган маалыматка ылайык:

— өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевге;

— өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсуповго;

— Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Айбек Бегимкуловго;

— Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Рахат Исаковго;

— Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Бактыбек Алайчиевге;

— Чүй облусунун Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Мелис Райымкуловго;

— Баткен облусунун Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Кеңеш Салиховго;

— Баткен облусунун Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Баймурат Бекмуратовго;

— Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Эмилбек Абдыкадыровго

— Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Данир Иманалиевге;

— Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Жакыпбек Субагожоевге;

— Талас облусунун Манас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Бектеналы Дуйшебаевге сөгүш берүү сунуш кылынды.

Ошону менен катар:

Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Гүлбарчын Исаковага, Ош облусунун Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Музафаржон Мамасаидовго жана Ош облусунун Ноокат райондук администрациясынын башчысы Ниязбек Козуевге тиешелүү түрдө сөгүш жана катуу сөгүш берилди.

Мындан тышкары:

— Чүй облусунун Москва райондук администрациясынын башчысы Азамат Эсенбековду;

— Чүй облусунун Кемин райондук администрациясынын башчысы Жумгалбек Дүйшөбаевди;

— Жалал-Абад облусунун Аксы райондук администрациясынын башчысы Масалбек Мырзамамытовду;

— Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук администрациясынын башчысы Майорбек Сатымкуловду;

— Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук администрациясынын башчысы Улан Дөкөнбаевди;

— Ысык-Көл облусунун Тоң райондук администрациясынын башчысы Таалайбек Ажиевди;

— Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Каныбек Камбаралиевди кызматттан алуу жөнүндө сунуш киргизилди.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу