Өкмөттүн түбүнө “Кумтөрдөн” чыккан мөңгү чатагы жетет

Сыягы, “Кандын башын кан жутат, кардын башын жаз жутат” демекчи, бул өкмөттүн деле түбүнө “Кумтөрдөн” чыккан мөңгү чатагы жетет окшойт. Анткени парламенттин өткөн чакырылышында уран калдыгындай катылып, эки окууда кабыл алынган “Мөңгүлөр тууралуу” мыйзам өкмөттүн сунушу менен азыркы депутаттарга үчүнчү окууга коюлуп, эгер кабыл алынса эле оппозиция, ӨЭУ, саясатчы-серепчи, кыскасы бийликке тишин кайрап, АКШ, Батыштын акырынан грант жегендер жарылганы турушат. Ал эми аталган мыйзам кабыл алынбаса, иштетилген калдыктардын астындагы 200 тонна алтын алынбай, бүтүндөй Кумтөрдүн иши токтоп калуу коркунучуна кабылууда. Бул деген 50-60 миң адам жумушсуз калып, өлкөбүздөгү жалгыз киреше берген үлкөн ишкана чыгымга учурайт. Андан ары канадалыктар эл аралык сотко кайрыла турган болсо, С.Исаковдун “балапан” өкмөтү сырттагы алтын, валюта корунан куржалак калмакчы. Ошондуктан президенттик шайлоодогу жеңилген ызасы үчүн өч алууну көздөгөн тарап айкүрүнөн туруп, Ак үйдүн алдында митинг өткөрүшүп, эртеси күнү Өкмөт мүчөлөрү менен ЖК депутаттарынын жыйынында ызы-чуу салып, сыртка чыгып кетишти. Эми Д.Зилалиев баштаган министрлер аларды “Кумтөргө” алпарып, “окуяны жеринде көрүп келүүгө” көндүрүшүүдө. Ай, ушул алтын чыккан жерге баргандар эле “ийкемдүү” болуп калчу эле…

Булак: Майдан. kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу