Өзгөчө ири суммадагы алдамчылыкка айыпталган Икрам Илмиянов жазадан оңой кутулуп кетеби?

Аз күн мурун Икрам Илмияновдун кылмыш иши тергелип бүткөнүн УКМКнын басма сөз кызматы кабарлаган. Ал кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин З-бөлүмү (өзгөчө ири суммада жасалган алдамчылык) боюнча айыпталып, камакка алынган. Илмиянов иш жүзүндө алдоо жолу менен 150 миң , долларды кымырып алганы кабарланып, бул ишти УКМК бир жыяга жакын тергеди. Жакын арада сот процесси башталары күтүлүүдө. Алдын ала көмүскө маалыматтарда айтылгандай, Икрам Илмиянов соттон жеңил жаза алып (айып пул төлөп) кутулуп кетеби? Себеби, мындай болжоонун логикасы бар. Ал буга чейин кандайдыр бир деңгээлде тергөө органдары менен кызматташканы, ошол эле учурда бийликтин душманы болуп аткан Алмазбек Атамбаевден алыстап кеткенин эске алсак, анда жазадан оңой кутулуп кетиши мүмкүнбү? Бир кезде катардагы шопур болуп жүргөн эргулдун учурдагы байлыгы, бизнеси, мал чарбасы мамлекетке өтө элек да, туурабы? Бул боюнча сот кандай чечим чыгарат, бара көрөлү.

Кубат КАРАЧЕВ

БУЛАК: Азиянюс

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу