Өзбекстан Германия жарандары үчүн визасыз режим киргизди

15-январдан тарта Өзбекстан Германиянын туристтик максатта келген жарандары үчүн 30 күндүк визасыз режим киргизет. Бул тууралуу 3-январда өлкөнүн Мамлекеттик туризм комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Германиянын жана дагы 12 өлкөнүн жарандары үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн виза режими киргизилген. Токтомго ылайык, аталган өлкөлөрдүн жарандары үчүн визасыз режим 2021-жылдан 1-январга чейин иштей баштайт.

Расмий маалыматтар боюнча 2018-жылы Өзбекстанга Германиянын 18 994 жараны келген. Бул сан 2016-жылы 4 889, 2017-жылы 7 207ни түзгөн.

Учурда Өзбекстанга Орусиянын, Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Грузиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Молдованын жана Украинанын жарандары визасыз кире алышат.

2018-жылдын февралынан бери Израилдин, Индонезиянын, Түштүк Кореянын, Малайзиянын, Сингапурдун, Түркиянын жана Жапониянын жарандары Өзбекстанга 30 күндүк мөөнөткө визасыз кирүү укугуна ээ болушкан.
Мындан тышкары жөнөкөйлөтүлгөн виза режими 39 өлкөнүн жарандары үчүн киргизилген.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу