Өзбекстандын Ысык-Көлдөгү пансионаттар боюнча арызы карала баштады

Эл аралык арбитраждык сот Өзбекстандын Ысык-Көлдөгү төрт пансионаты боюнча Кыргызстанга карата доо арызынын маңызын териштире баштады.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда, «бул сыяктуу доо арыздарды кароодо көп учурда башында маселенин өзү эмес, ошол талашты кароого арбитраждык трибуналдын юрисдикциясынын бар же жогу каралат. Быйыл май айынын башында биринчи этабы аяктап, жыйынтыгы боюнча арбитраждык трибунал бул маселенин маңызын кароого юрисдикциясы бар экени тууралуу чечим чыгарган».

Бүгүнкү күндө далилдер базасын түзүү, доогердин жүйөлөрүн изилдөө иштери жүргүзүлүп жатканы да маалымдалды.

2016-жылы кыргыз өкмөтү совет учурунда Ысык-Көлдө Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионатты менчиктештирүү боюнча токтом кабыл алган.

Эс алуу жайларынын аталыштары кыргызчаланып, «Рохат» – «Алтын жай», «Дилором» – «Эне-Сай», «Золотые пески» — «Бостери» деп өзгөргөн. Ал эми «Бустон» пансионатынын аты ошол бойдон калган.

2017-жылы Өзбекстан доо арыз менен Эл аралык арбитраждык сотко кайрылган.

БУЛАК: centralasian

Аргумент.kg
Жооп калтыруу