Өзбекстандык официант кыз британ лордуна турмушка чыкты

Англияда 77 жаштагы мусулман лорд Мухаммед Илтаф өзүнөн 45 жашка кичүү өзбек жаранына үйлөндү. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, Мухаммед Илтаф 32 жаштагы Гули Мурадова 2013-жылы, ал кафеде официант болуп иштеп жүргөндө таанышкан.Кийин Мурадова мекенине кайткандан кийин британ миллионери артынан келип, алып кеткен. Ал биринчи аялы менен ажырашып, Муродова менен 2018-жылы декабрда баш кошкон.Алардын үйлөнүү тою беш жылдыздуу Grosvenor House мейманканасында өткөн. Британ басылмасы билдиргендей, лорддун жаңы жубайы анын кызынан 15 жашка кичүү.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу