Үч ырчыны урган продюсер, Лутфила Бусурманкул уулу: «Балдар эркелеп укпай жатканда мындай методду да пайдалануу керек…»

Кечээ жакында эле 27-мартта интернетке продюсер Лутфила Бусурманкул уулу жаш ырчыларды ур-тепкиге алып, сөккөн видеосу желдей тарап, коомчулукта катуу сынга кабылган.

Лутфила мырзадан таяк жеген жаш ырчылар Мурадил Даниров, Темир Дамирбеков жана Кудайберди Айтбосуновдор эле. Продюсер Лутфиланы сындагандарга жооп ирээтинде төмөнкүдөй постту жазды:

«Бизге кыянаттык кылып, мыйыгынан күлүп коюп видеого тартып олтурган «эр азаматтын» жараткан видеосу коомчулукта талкууга тушту. Айрымдары мени сөгүп, жамандашса, айрымдары туура көрүп, айтор ал видеону көргөн элдер эки жаатка туштү. Айтайын дегеним, ал видеодо кичине эмоцияга алдырып одоно сөгүнүп жибергеним болбосо калганы мырзаларга тийиштүү эле жорук. Илгертен устат-шакирт деген тартип бар. Анда устатын шакирти ээрчип, айтканын аткарып, аткарбаса жаза алып эле келет эмеспи. Мен деле ушул убакка чейин улуу устаттардан уруш жеп тарбия алып келем. Ал эми тарбиялап жаткан балдарым мени бекеринен «ата», «ага»- деп айтышпаса керек. Баарыбызга эле ата, агабыз муштум менен да эркекчилик кылып түшүндүрмөй жайы бар. Бети башын көгөртүп уруп, менин үйүмдөгү жумушумду эмнеге жасабай койдуңар, же бутумду эмнеге сүрткөн жоксуңар деп урушкан жерим жок. Дагы да болсо эл алдында чыкканда өзүңөрдү жоопкерчиликтүү сезгиле деп түшүндүрүп жаткам. Кээде балдар эркелеп укпай жатканда мындай методду да пайдаланып кетесин. Эркелетчү жерден эркелетип, урушчу жерден урушуп турган жакшы. Баарыбыз эле ушундай тарбия коруп чонойгонбуз. Муну деген эркекчилик дейт. Эркектер арасында мындай көрүнүш болуп туруш керек. Ал эми мындай тарбия көргөн балдарым менин аларга болгон мээнетимди актап, чыгармачылыка чыйыр салган улуу инсандардын жолун улачу мыкты инсандардан болот деп ишенем. Урушсам да, жакшы көрсөм да алар менин чыгармачылыктагы балдарым. Көз тийбесин алга, шумкарларым”, -деп жазып видеону тартып алган жаш ырчы жигит Эламан Сапарбековду да белгилеп койду.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу