Үч саясатчынын Атамбаевге каршы доо арызы толуктоо үчүн артка кайтарылды

Саясатчылар Ахматбек Келдибековдун, Азимбек Бекназаровдун жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин экс-президент Алмазбек Атамбаев менен “Апрель” телеканалынын редактору Дмитрий Ложниковго койгон доосу толуктоо үчүн артка кайтарылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева билдирди:

— Доо арыз 26-декабрда берилген. Бирок айрым документтердин жоктугунан 28-декабрда доо арыз 9-январга чейин калтырылган. Бүгүн доогерлердин өкүлү келип арыз менен тиркелген документтин баарын алып кетти.

Үч саясатчынын өкүлү Динара Ашимова документтерди алып кеткенин жана ал толукталып, кайра 10-январда сотко тапшырыларын айтты.

— Сотко сөздөрдү даана көрсөтүш керек экен. Алар жалпы пикирди эмес, так сөздү талап кылышууда. Ошондуктан Алмазбек Атамбаев айткан сөздөрдүн ичинен кайсынысын жазыш керек экенин такташ үчүн документтерди алдык, — деди Ашимова.

Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “Апрель” телеканалында 10-декабрда чыккан маегине байланыштуу 26-декабрда Атамбаев менен аталган каналдын редактору Дмитрий Ложниковго каршы Октябрь райондук сотуна кайрылган.

Алар “телеканалдагы маегинде экс-президент ар-намысыбызга шек келтирди” деп, соттон жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүп жатышат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу