«Үйгө келгиле» сөзүн көп айткан Мирбек Атабеков…

Бек Исраилов жубайы менен Ысык-Көлдө сынак учурунда таанышкан. Кызыгы, дал ошол учурда Мирбек Атабеков алардын жанында болгон. Ошондо эле болочок өкүл ата аларга жарашыктуу жуп экендигин айтып, үй-бүлө болорун сезген. Мурда чыгармачылыгын сыйлаган сахналаш агасына Бек азыр «аташка” деп кайрылат. Атасы болсо “братишка” деп кайрылып алып, баласы экендигин эстеп кетип күлүп калышат. Бек телефон чалган сайын атасы “үйгө келип кеткиле” деген сөзүн айтуудан тажабайт, ошондуктан өкүл балдар атасынын үйүнө себепсиз деле көп барышат экен. “Биринчи жолу өкүл ата статусун мага Бек Исраилов ыйгарган. Ачыгын айтканда, келинчегим экөөбүз анда даяр эмес болчубуз, өзүбүз деле эмне кылыш керек экендигин билбей эле өкүл ата, апа болуп алганбыз. Кийинчерээк эле жоопкерчиликтүү иш экендигин убакыт көргөздү”,- дейт төрт өкүл баласынын бар экендигине сыймыктанган Мирбек Атабеков.

Айгерим ТОКТОБАЙ кызы

БУЛАК:Леди.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу