Япония Кыргызстанга эки программа үчүн 6,2 млн доллар бөлөт

6-мартта, Премьер-министр Сапар Исаков Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура, БУУнун ЮНИСЕФ Балдар фондунун өкүлү Юкиэ Мокуо жана Борбор Азиядагы БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аймактык өкүлү Ашита Миттал ортосундагы алмашуу ноталарына кол коюу салтанатына катышты.

Анда айтылган боюнча, Япония Өкмөтү «Трансулуттук кылмыштуулукка, терроризмге жана баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу» жана «Эне жана баланын ден соолугун коргоо тутумун чыңдоо» программасын ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга 6.2 миллион доллар бөлөт. Ал программалар БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы жана ЮНИСЕФ тарабынан ишке ашырылмакчы.

Сапар Исаков өз сөзүндө Япония Өкмөтүнө үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүүсү үчүн ыраазычылык билдирип, аталган программалар баңгизатын жана баңгизаттан көз карандылыктын жайылтылышы менен күрөшүүдө зор колдоо болоорун белгиледи.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу