Эң пайдалуу азыктар…

Кызыл капуста

Кызыл капустанын 100 граммы 31 калорийди түзүп, ар түрдүү витаминдерге бай келет. Ал Европа жана Жер Ортолук деңиз жээктеринде өсөт.

Ашкабактын данеги

Ашкабактын данегинин 100 граммы 559 калорийди түзүп, анын курамы темир жана марганецке бай.

Кургатылган петрушка

Кургатылган петрушканын 100 граммы 292 килокалорийди түзүп, курамы фтор жана кальцийге бай. Адистер аны өзгөчө тишке жана сөөккө пайдалуу экендигин эскертет.

Кургатылган сельдерей

Кургатылган сельдерейдин 100 граммы 319 килокалорийди түзүп, тамак-ашка даам чыгаруу үчүн колдонулат. Абдан керектүү витаминдерди катарын толуктап, ар кандай минералдарга жана аминокислоталарга бай.

Мандарин

Мандариндин 100 граммы 53 килокалорийди түзүп, А витамине өтө бай.

Көк пияз

Көк пияз өсүмдүгүнүн 100 граммы 27 калорийди түзүп, темир, фосфор жана магнийге бай.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу