Эс тутумду жакшыртуучу суусундуктар…

1.Күнүнө үч ирет 1/3 бөлүк бадыраң суусундугун ичиңиз. Бул эстөө жөндөмдүүлүгүңүздү жакшыртат.

2.Жарым стакан сабиз менен кызылча согун аралаштырып ичсеңиз дагы абдан пайдалуу. Муну таң эртең менен ач карын ичүү керек.

3.Кара бүлдүркөн көздүн көрүү касиетин жакшыртканын билсеңиздер керек. Ал сыяктуу эс тутумду жакшыртууга жардам берет жана мээнин иштөө функциясын жакшыртат. Ал үчүн дагы таң эртең менен жана кечинде жарым стакандан кара бүлдүркөндүн согун ичип туруш керек.

4.Эки даана чоң пиязды өткөргүчтөн өткөрүп аласыз жана анын согун марлиден сыгып аласыз. Даяр болгон пияздын согуна ошол эле өлчөмдөгү бал кошуп аралаштырасыз. Даяр болгон аралашманы үч маал бир чоң кашыктан колдонуу керек.

5.Грейпфрут менен алманын согун аралаштырып ичсеңиз дагы эс тутумду жакшыртууга жардам берет. Бул ыкма менен сиз иммунитетиңизди дагы бекемдеген болосуз.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу