Эрте ойгонуунун алты ыкмасы.

Бүгүн эрте уктаймын!

Бул күндө айткан сөзүңүзбү? Эртең менен кеч ойгонуп, андан улам жумуштагы башчыдан тил угуп жетиштиңизби? Муну эми токтотуңуз да, таңды тосуп, ырахатты сезиңиз! Ал үчүн 6 кеңешке кулак салыңыз.

Эрте турууга себеп табыңыз

Таңды тосуп алынын өзү ырахат. Билген болсоңуз ийгиликке жеткен белгилүү адамдардын көпчүлүгүнүн жумуш режими таңкы саат 5те башталат. Биринчи кезекте, жаздыктан башыңызды көтөрүү үчүн маанилүү себеп табыңыз. Мисалы, кечигүүгө болбой турган кездешүү, жумуштагы жыйналыш, керек болсо фитнес залына баруу керек деген ойду мээге куюп, аны ойготууга мажбурлаңыз.

Ашыкча күч керек эмес

Биринчи кеңешти окуп, эртеңден баштап саат 5те туруунун кажети жок. Алгач, өзүңүз ойгончу убактан күнүнө 15-20 мүнөт эрте турууну адат кылыңыз. Ошол кезде санаага да, организмге да оорчулук келбейт. Муну эксперттер да туура деп эсептешүүдө. Алардын айтуусу боюнча, уйкуга эртерек жатуу да пайдасын тийгизет.

Ойготкучту туура тандаңыз

Адатта ойготкучту (будильник) коюп, анын үнү чыккан кезде колуңуз менен бир басып, өчүрүп таштап, уйкуну уланта берүүнү токтотуңуз. Эрте турамын деген максатыңыз болсо, телефонуңузга «Wake N Shake Alarm Clock», «Step Out of Bed», «Walk Me Up» кошумча тиркемелерди жүктөп алыңыз. Бул тиркемелердин өзгөчөлүгү сиз бир нече ирет телефонуңузду пайдалангандай, бир жолу басканда өчпөйт. Нервиңизди чыңалтат, бирок натыйжасы болот.

Терезени ачыңыз

Бөлмөңүздөгү парданы түрүп, терезени ачып жаңы күнгө тамшана караңыз! Күндүн чыккан нурлары сизге сергектик сыйлап, мээге “ойгону керек” деген белгини берет. Таза аба өзүңүзге да пайдалуу.

Дем алыш күнү да эрте туруңуз

Арабызда жуманын дем алыш күнүн уктоо үчүн күткөн адамдар да бар. Бир ирет жолу болсо да ойготкучтан эрте ойгонуп көрдүңүзбү? Сиздин ичиңизде да жаңы күндүн башталышын билген «ойготкуч» бар. Ага сиздин эрте турганыңыз жагат. Ошол себептен, дем алыш күндөрү турчу убактыңдан, күндө туруп жүргөн убакыттын айырмасы болбош керек.

Ырахат алыңыз

«Эрте турган аялдын бир иши артык». Биринчи ойгонуп, үй-бүлөсүнө даамдуу тамак жасап, аларды жакшы маанай менен күтүп отуруунун өзү ырахат эмеспи? Ал эми аларга кубаныч сыйлоо аркылуу өзүңүздүн да көңүлүңүз көтөрүлөт.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу