Эрте никенин кесепеттери талкууланат

Бүгүн Бишкекте эрте никенин кесепети жана 2016-жылы Кылмыш-жаза кодексине өспүрүмдөр менен нике кыюуга тыюу салган жаңы беренелер киргизилгенден кийинки өзгөрүүлөр туурасында талкуу өтөт.

Бул тууралуу «Аялдарды колдоо борбору»  кабарлады.

Соңку он жылда дүйнөдө жашы жете электе никеге тургандардын саны кыскарды. Эрте куракта турмушка чыккан аялдардын үлүшү 15 пайызга же 25 миллионго азайганын ЮНИСЕФтин баяндамасында айтылат.

«Мындай жетишкендиктерге карабастан, жыл сайын дүйнөдө 12 миллион секелек турмушка чыгат» деп белгилейт ЮНИСЕФ.

Кыргызстанда 20 жаштан 49 жашка чейинки аялдардын 12,7% 18ге толо электе турмушка чыгары белгиленет, бирок канча пайызга азайганы тууралуу маалымат берилген эмес.

ЮНИСЕФтин баяндамасында Кыргызстан эрте нике боюнча КМШ мамлекеттеринин арасында алдыңкы орунда экени көрсөтүлгөн.

Кыргызстанда 2016-жылы Кылмыш-жаза кодексине өспүрүмдөр менен нике кыюуга тыюу салган жаңы беренелер киргенден кийин бардык никелерди милдеттүү түрдө расмий каттоодон өткөрүүгө жарандар милдеттендирилген. Укук коргоочулар мыйзам толук кандуу иштебей жатканын сындап келишет.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы жашы жете элек 900дөй кыз кош бойлуу катары медициналык каттоого турган. Ал эми жыл сайын боюна бүтүп калган 2000ге чамалуу өспүрүм аборт жасатарын«Балдар укугун коргоо лигасы» маалымдаган.

Кыргызстанда 18ге толбогондор жашы жетелектер деп эсептелет.

Булак:chabarman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу