Эртең мененки 5 «жаман» адат…

Ар бир адамдын күн сайын жасаган адаттары болот. Ал адаттын жакшысы да, жаманы да бар. Сиздер үчүн адамдардын көпчүлүгү эртең менен жасаган «жаман» адаттарды сунуштайбыз:

Ойготкучту өчүрүп, «азыр, 5 мүнөттөн кийин турамын» деш. Ошол 5 мүнөттүк уйку сизге канчалаган зыян тийгизет: жумушка (же сабакка) шашылгандыктан эртең менен тамакты ичпейбиз, шашып кийинип, жыйналасыз, милдеттүү түрдө бир затыңызды унутасыз, жумушка, кечиккен жокмунбу деген коркунуч дагы бар. Ушундайча, стрессти эртең менен өз колуңуз менен жасап аласыз.

Эртең менен ачка чыгуу. Эртең менен ичилген тамакта береке бар, жана ал сизге күнү боюу күч-кубат берет, ден-соолугуңузга да зыян келтирбейсиз.

Сыналгы көрүү. Ал көк ящиктин жакшы нерсени аз көрсөтөрү белгилүү.

Ойгоно салып телефон, интернетке үңүлүү. Бул да бир мээге салмак түшүрүп, терс эмоцияга берилүүнүн, маанайды түшүрүнүн бир жолу. Анын ордуна бүгүнкү күнүңүздү пландаңыз.

Жаман маанай. Кээ бирөөлөр кабагына кар жаап, өтө капалуу маанайда ойгонушат. Ошол маанай менен күнү бою жүрүшөт. Кабагы ачылбаган адамды ким жакшы көрсүн? Эртең менен аман-эсен ойгонгонго эмнеге Жаратканга шүгүр келтирбейбиз? Чыккан күндү көрүүнүн өзү бир бакыт эмеспи?

БУЛАК:zaman.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу