Эрнис Кыязов менен Матраимовдун сүйлөшүүсү эмнени каңкуулайт?

Буга чейин коомчулукта “Раим миллион мамлекеттик деген 5-каналдын директору менен кошуп журналистгерин да сатып алганбы?”- деген сөздөр желдей тараган. Искендер Матраимов менен Эрнис Кыязовдун аудио сүйлөшүүсү бул сөздөрдүн далилиби? Дегенибиз буга чейин жазгандай эң биринчи “Говори ТВга” чакырганда келбей, өзүнө ыңгайлуу серепчилерди, адамдарды чакырып 5-каналга келгенде эле шек жараткан. Кийин ушул эле каналдан иликтөөнүн үстүнөн иликтөө жүргүзгөн каналдын журналистинин берүүсү чыккан. Бул дал келүүбү же… Өкмөт 5-каналдын мындай ишине баа берип, жетекчилигине чара көрүп, кызматтан алып тынбаса, абал чатак… Же Раим миллион баарын кошуп чүлүктөп алабы? Деги чындык үчүн, принциптен тайбаган бирөө барбы? Же баарынын тамактарын май токоч менен майлап, уурулар тайраңдап жүрө береби? Минтип, коррупциялык былыктары ачыкка чыгып жаткандарды мамлекеттик теле каналдардын актоого өткөнү бийликке аброй алып келбейт. “Эл деген сел” демекчи коомчулуктун пикирин кулак сыртында калтыруу жакшылыкка алып барбайт! Эмнеси болсо дагы чындык, акыйкаттык акыры орношу керек.

Булак: «Факты.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу