Эркин Эгембердиев, актёр: «Мен Айгерим Расул кызынан гана жеңилип калгам»

Эркин кош келдиң! Кандай жаңылыктарың бар? -Жаңылыгым мен азыр актёрлуктан оолактап, режиссёрлук кылуу жагына ыктап жатам. Былтыр казак драматургу Рахымжан Оторбаевдин “Актрима” аттуу пьесасын режиссёр катары койдум. Ошол эле драматургдун атындагы фестивалда Гран-прини жеңип алдык. -Бул бир кесиптен тажап кетүүбү же өзүңдү ар тараптан издөөбү? -Актёрлуктан тажабай калайын. Мындай караганда ошол эле ишим. Азыр башка бир заман келе жатпайбы. Бул менин заманга ылайыкташып баштаганым го. Кээде ыр жазам, аябай эргүү келгенде кара сөз түрүндө да төгүп жиберем. -Ырчыларды сындаган учурларыңды байкап жүрөбүз. Ошло сынды кино же театр жаатына айта аласыңбы? -Сын айтуу үчүн адам атайын окуусун окушу керек. Бизде болсо кыргызчылык кылып эле “бүткөн ишке сынчы көп” боло беребиз. Мисалы, ырды Муратбек Бегалиев сындасын, театрды Жаныш Кулманбетов сындасын, кинону Гүлбара Төлөмүшова сындасын. Алардын укугу бар. Катардагы адам тасманы же ырды сындап жатса, демек, аны деле катардагы профессионал эмес адам тартты же ырдады. Кошулам, азыр жеңил –желпи, идеясы , максаты белгисиз тоголок тасмалар тартылып жатат. Тартыла берсин, ошонун арасынан эл тандаганын көрөт. Жакында 5 жылда кино тарткан адам деле элге эмне керек экенин билип калат да, өзөктүү тасмаларды тартып баштайт. Кыргыздар “акча жок болсо маданиятты ким көтөрмөк эле?” деп тоголонуп жатып калбадыкпы. Англияда укмуштуудай ачарчылык болуп жаткан учурда да бүт каражатты маданиятка коротушуптур. Эмнеге? Анткени алар элдин духун көтөрүү, майдаланып көр соода болуп кетпеши үчүн далаалат кылышыптыр. -Актёрлук сен үчүн эмне? -Мен кичинемде эле актёр болом деп ишенчүмүн. Бала чагымда балдар менен ойночу эмесмин, жалгыздыкты жакшы көрчүмүн. Жанымда бир кыз болуп, же бир досум болуп роль аткара берчүмүн. Бул менин дүйнөм болчу. Ичимде оргуштаган бир сезим болгонун карабай уялчаак элем. Ата-энем “сенден актёр чыкмак беле, ырдабасаң же роль аткарбасаң кана, аткарып көрчү” десе уялып аткарчу эмесмин. Бирок ички туюмум менен актёр болорумду билчүмүн. Бир күнү мектептен дубалда илинип турган сынакка көзүм түштү. Анда “шайыр, шыктуу балдарды кабыл алабыз” деп жазылыптыр. КВН сыяктуу нерсе, “Шайыр балдар клубу” деп аталса керек эле. Менда аткара турган болдум. Тандап жатышкан балдардын оюндары карасамбаары эле окшош нерселери аткарып жатышат. Мен өзгөчөлүк кылайын дедим да, завуч болуп иштеген маңдайында турган агайды “сизди туурап берем дедим. Өзүндөй туураганокшойм, каткырып эле жатып калышты. Ошенти мурдагы Улуттук телеканалга келип, ошол көрсөтүүгө катышып жүрдүм. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин бүтүрдүм. Окуп жүргөндө Кыргыз драма театрына чакырышты, анан “Дем” театрына өттүм. -“Дем” театрындагы жигиттер мага башкача сезилет, бир өзгөчөлүгүңөр бар, бирок таппай жатам. Балким сен айтарсың… -“Демдин” жигиттеринин баары таанымал. Кыргызстан эле эмес, Орто Азияга таанымал десем болот. Баары таланттуу, сөз жок. Бирок айтайын дегеним ал эмес. Сөз кылууга татыктуу нерсе- алардын жөнөкөйлүгү. Агайыбыз Марат Козукеев жылдыз оорусу менен ооруп кетпесин деп интервьюларга да чында жиберчүү. Анан биздин ынтымагыбыз бекем. Бирибиздин ишибиз жогорулап бара жатса жалпыбыз, жардам беребиз. “Дем”-биз үчүн өзгөчө дүйнө дүйнө.Мисалы, Аскат Сулайманов миң долларга тойду алып барам деп сүйлөшүп алып, бирок ошол эле убакта “Дем” театры чакырып калса ал ошол тойду жыйыштырып коёт. Же Азиз Мурадиллаев бир съёмкасы болуп, бирок “Демге” келиши керек болсо аны токтотуп келет.Баарыбызда ушундай. Бул акчага да, башкага да байланбаган бир дүйнө. -Актёрлордун арасында атаандаштык жок десең баары бир ишенбейм… -Башкаларга атандашабыз. Биз деле адамбыз да. Бирок бири-бирибизге эмес. -Ынтымагыңар арта берсин! Актёрлор кандай жашоодо жашап жатышат, бир төгүлүп албайсыңбы? -Мен өзүм аябай карапайым үй-бүлөдө чоңойдум. Үй-бүлөдө 5 эркекпиз. Балалыгыбыз өткөөл кырдаалга туш келип калды. Кээде сууга туз салып эле ичип алган күндөрүбүз болгон, же сууга нан члап жеп алган учурлар. Инилеримди ээрчитип темир-тезек, алюминий издечүбүз. Мындай жашоону башынан өткөргөн адам азыркысына шүгүр деп эле калат. Азыр кыздарыма 3 актылуу спектакль коюп тамак берем. Биринчисинде аюуга айланып алдап жегизем, анда жебей койсо түлкүнү, кийин карышкырды туурап жан алакетке түшүп жатып араң тамактандырам. Биздин учурда апам “эй, тарелканы кошо жейсиңби?”деп урушчу. -Чыгрмачылык үчүн курмандыка барууга туура келген учур болгонбу? -Болгон. Чет жакка чыгып бутума туруп кетүү мүмкүнчүлүгү келген. Чыгармачылыкта кеңеше турган адамдарым бар. Алар мындай келди-кетти кеңештерди айтпайт, туура, так кеңеш беришет. Ошолор “ Эркин, сенин келечегиң бар жигитсиң, талантың да бар. Мына азыр бир толкун келе жатат. Бул чыгармачылыкта кээде гана келе турган чоң толкун. Кармасаң кармап каласың, болбосо жок. Кетип калсаң өкүнүп калышың мүмкүн. Курсак кайдан болсо дагы тоёт” –деп айтты. Калып калдым. Чын эле жакшы болду. Ошол толкунду кармап калганымда азыр бул жерде интервью берип отурат белем, ким билет? Ошондо чыгармачылыкты таштап кеткен досторум жакында келишти. Баары бир актёр да. Театрга келип иштегиси келип, муңканып турганын көрүп мен өзүмдүн чечимим туура болгонун билдим. -Сүйүүгө туруктуусуңбу деп сурагым келди эмнегедир? -Апам мени”однолюбсуң” деп айтат. Чын эле ошондоймун. Бактыма мен кыялдангандай аял туш келди. Кудайдан эмнени сурасам баарын берди. Мен бир жылдары кыздарды сулуулук сынагына даярдап калгам.2009-жылдар болсо керек эле. Кыздарды актёрлук чеберчилиге карап, кантип чыгыш керек, кантип жүгүнүш керек, номери кандай болот, бийи кандай болот, бүт баардыгын даярдап берчүмүм. Кыздар арасында аябай популярдуу болуп кеткем. Өздөрү издеп келишчүү. “Сиз гарантиясы менен жеңишке жеткирет экенсиз “ деп айтышчуу. Даярдаганым үчүн 250 доллар алчумун. Чын эле мен даярдаган кыздар сөзсүз биринчиликти алышчу. Арасында мен даярдап, бирок 2-орунду алып калган бир гана Айпери Кубик кызы болду. “Шоу-бизнес сулуусу” сынагына даярдап, бирок биринчиликти Айгерим Расул кызы алып кеткен. Ошондо эле жеңилип калдым (күлүп). Ошол күндөрдүн биринде Диана (ред:жубайы) келиптир, ыр сынагына катышмак экен. Тамашалап “ мен даярдаганым үчүн 500доллар алам” десем, “жарымын алып туруңуз”деп 250 доллар берди. “Макул” деп даярдана баштадык. Карасам убагында келет, ишине аябай так, сөзү орундуу, озү жылдыздуу кыз экен. Мамилебиз уланып отуруп, үйлөнүп алдык. -Жубайың анан 250 долларды төлөдүбү? -Жок (күлүп). Мен чоңго жыгылып калбадымбы. Ошол сынакта Диана биринчиликти алды. Ошондон кийин мен кыздарды даярдаганды токтоттум. Арасында сулууусу, акылдуусу укмуштары бар болчу. Бирок жүрөгүм Диана деп эле туруп алды. Жагышып жашап эле жатабыз. Бир эле ага жакпаган мүнөзүм-жулунуп-улунуп кеткеним. Жакында эле бир мамлекеттик кыщматта иштеген адам “документтериңди даярда, сага наам алып берем” деди. Мен баш тарттым. Анткени мага устат болгон адамдар ала элек. Ал наамды алып, алардын бетин кантип карайм? БУЛАК: СУПЕР ИНФО

Аргумент.kg
Жооп калтыруу