ЭРКЕК БИРИНЧИ ОРУНДА КӨҢҮЛ БУРА ТУРГАН АЙЫМДАГЫ 5 НЕРСЕ

Кандай дейсиз, алар кайсылар? Эркекти эң биринчи эмне өзүнө тартат? Айтмакчы, маалымат көптөгөн
изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянды. Ал эми бул тууралуу эркектер эмне ойлошот?

Эркек менен таанышып жатканда, ал биринчи эмнеге көңул бураарын ойлонуп көрдүңүз беле? Эркектерди
түшүнүу анча деле оор эмес, болгону бир аз байкагыч болуш керек. Көптөгө изилдөөлөргө таянсак,
эркектер аялдардагы бул 5 нерсеге көп көңүл бурат экен.

1. Жылмаюу

Жылмайган айым өзгөчө жагымдуу болот. Ал ааламга
бакыт, оптимизм жана жакшылыктын сигналын
таратат. Ошондуктан, жылмайган, позитив чачкан
айым менен сүйлөшүп туруу жеңил жана жагымдуу
болот. Ошондой эле, жылмаюу жугуштуу да болот: эгер
адамга жылмайып турсаңыз, жооп катары анын
жылмаюусун көрөсүз. Көптөгөн изилдөөлөр,
жылмаюу бардык жерде оң реакцияны өбөлгөлөөрүн
көрсөтөт. Бир гана маанилүү нерсе: жылмаюу
жасалма эмес, нукура болуш керек

2. Көздөр

Көздөр – бул жан дүйнөнүн чагылышы. Алар адам
тууралуу көп нерсени айтат. Көздөр – айлананын
көңүлүн бурдурган, баарын өзүнө тарткан накта
магнит болот.
Изилдөөлөр, 70% эркектер биринчи орунда көздөргө
көңул бураарын, андай кийин гана башка жерлерин
караарын көрсөттү. Биринчи орунда – көкүрөк
дегенге ишенбеңиз! Бул андай эмес.

3. Чач

Жакшы каралган, сулуу чачты эркек кыя өтө албайт.
Ишенип коюңуз, чачты жасалгалоого, аны саламатта
кармоого кетирген убактыңыз текке кетпейт.
Көпчүлүк эркектер, саламат, жалтырак, жылмакай
чачтар – жаштык менен сулуулуктун көрсөткүчү деп
эсептешет.
Көп эркектерге узун чачтуу айымдар жакканына
карабай, кыска чачтуу айымдар дагы узун
чачтуулардан кем калышпай, жарашыктуу, сулуу
көрүнөт. Башкысы, сиздин чач жасалгаңыз өзүңүзгө
жакса болду!

4. Көкүрөк

Балким, көкүрөк – эркектин көңүлүн бурган биринчи
нерсе деп ойлойттурсуз. Бирок бул туура эмес ой:
эркектер, көпчүлүк айымдар ойлогондой, анча деле жеңил ойлуу эмес.
Көптөгөн сурамжылоолор менен изилдөөлөр,
эркектер айымдын жылмаюусу менен көздөрүнөн
кийин гана көкүрөккө көңүл бураары маалым болду.
Көкүрөк, адатта, жаштык менен төрөө
жөндөмдүүлугүнүн белгиси болуп саналат, бул,
эмнеге эркектер айымдын көкүрөгүнө көңүл
бураарынын бирден бир себеби.

5. Нукуралык

Эркектер ар дайым, айым канчалык нукура жана
натуралдык экенине көңүл бурат. Эгер сиздин
чачыңыз, тырмактарыңыз жана кирпиктериңиз
жасалма болсо – алар, аны бир карап эле байкашат.
Кемчиликтериңизди жашырып,
артыкчылыктарыңызды көргөзө билиңиз, бирок
куурчактын образына кабылып калбаңыз.

Булак: anan.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу