“Эркектер, кыргыз кыздарын үчтөн төрттөн аялдыкка алгыла” деп пикетке чыгалы! – журналист Назира Бегим

Назира Бегим аттуу Фейсбук колдонуучусу баракчасына аялдарга  күйөөлөрүнүн эки аял алуусуна каршы чыкпоого чакырык таштады. Ал минтип жазган:

«Айрым айымдардын “менин күйөөм, менин менчигим, бербейм эч кимге” дегенине эч түшүнбөйм! Айымдар!

Күйөөңөр силердики эмес, силер күйөөңөрдүн менчиги экенин, керек болсо силерди алар сатып алганын түшүнсөңөр! Сатып алган десем такыр чалкаңардан кетпегиле, чындыгында ошондой бирок. Айымдар акыбыз жок бирибиздин дагы күйөөлөрүбүзгө  экинчи, үчүнчү, же төртүнчүнү алба дегенге. Колунан келсе алсын. Ошол аялды алганга силер да жардам беришиңер керек.

Кыргыз эркектеринин намысыңарды ойготсоңор! Аялыңар эмен десе ошонун оозун карап отуруп калбай баш ийип! Төрттөн аял кылып кыргыз кыздарды алгыла!

Анан ошол кыргыз мырзалардын кыргыз жубайларына айтаар элем аялдык ЭГОну унуткула, күйөөлөрүңөргө  алып бергиле экиден, учтон аял! Кыргыздын тукумун көбөйткүлө, ынтымакта болгула! Ашыкча тантырагандын дагы кереги жок! Жакшы эле сүйлөнүп, айтчуңарды айттыңар! Жеңди түрө  киришели! Эркектер кыргыз кыздарын үчтөн, төрттөн аялдыкка алгыла деп пикетке чыгалы керек болсо!»

Булак: “Майдан.kg”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу