Эркектер кандай аялдарга үйлөнбөйт?

Кыз-келинчектердин кээ бир кылыктары эр азаматтардын ар бирин коркутат. Бир нече китептин автору, таанышууга арналган мобилдүү кошумчаны ойлоп чыгарган Саманта Дэниэлс эркектер үйлөнгүсү келбеген аялдардын 10 түрүн атап көрсөткөн. Ошону менен алар кандай аялдар?

Педагог аял. Эр азаматка акыл айтып, үйрөтүүгө аракет кылган аялдар, алгач камкорчу болуп көрүнүүсү мүмкүн. Бирок эркектер мындай «салттан» бат эле тажашат.

Сезим менен ойногон аял. Жигиттер сезим менен ойногон аялдардын кылыгын көтөрө беришпейт.

Эркекти өзгөртүүгө тырышкан аял.
 Эркектер өздөрүн болгон кыял-жоругу менен кабылдагысы келбеген аялдарга үйлөнүүдөн качышат. Мындай адат тез-тезден уруштун чыгуусуна алып келет.

Кызганчаак жана ишенбеген аял. Аял киши себепсиз кызгана берсе жана күйөөсүнө ишенбеген болсо карым-катнаштын аягы учуугуп кеткет. Ошол себептен эркектер мындай аялдар менен өмүрүн байланыштыргысы келишпейт.

Өзүн толугу менен күйөөсүнө арнаган аял. Жигиттер камкорлукту, мээримдүүлүктү каалашканы менен өзүн унутуп кеткен аялдарды каалашпайт. Алар аялдардын өздөрүнүн жеке кызыгуусунун болгонун каалашат.

Атасы менен байланышы жок аялдар. Мындай кыз-келиндер адатта өздөрүнөн көп жаш улуу кишилерге турмушка чыгышат. Алар аталарынан ала албаган мээримди күйөөсүнөн алгылары келишет. Убакыт өткөн сайын жолдошу ага жар эмес, ата ирээтинде болуп калат.

Баардыгын энеси менен акылдашкан аял. Эркектер үй-бүлөсүндө болгон жагдайдын баардыгын энеси менен талкуулаган аялдарды жактырышпайт. Энесинин анын өз үй-бүлөсүнүн чарасына аралашканын эч бир эркек жактырбайт.

Ушакчы аял. Эркектер ар дайым өзгөлөрдү сөз кылып, сыртынан ушак айтып отурган кыз-келиндерди жар кылууга ашыгышпайт.

Күйөөсүн башка эркектер менен салыштырган аялдар. Эркектер өздөрүн бирөөлөр менен салыштырганды эч качан жакшы көрүшкөн эмес.

Ар дайым арыктоо үчүн диета кармаган аял. Эркектер ар дайым даамдуу тамак жегенди жана тоюп тамактанганды жакшы көрүшөт. Ал эми дасторкон башында отуруп алып, диета кармап жатканын айтып отурган аял аларга такыр жакпайт.

Булак: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу