Эмнеге өлгөндөрдү кеп кыла беребиз?

Аттиң, Курманбек Бакиевдин мезгилинде даңкы эми чыгып келаткан уулдардын түбүнө жетишкени боюнча дайыма кеп кылып жатканыбыз бекерден болбосо керек? Анткени кыргыз мамлекетиндеги өзгөрүүлөр, алга жылыштар болбогондуктан атаңдын көрү балким каза тапкан Рысбек Акматбаев тирүү болгондо жашообуз оңолот беле деп үмүт этишкенин көп ирет уга берерйбиз калетсиз.

Чынында эле ал киши колдуу болуп өлгөнүн ким тана алат? Рысбектин атасы эки уулунан ажыраса да кайратынан жанбай дале неберелери үчүн жанын карч уруп келет. Көп жолку берген маектеринде мындай коогалаңга Феликс Куловдун түздөн-түз тиешеси бар экенин тастыктап келатканына карабастан теребелде тымтырс. А чынында Рысбек жөнөкөй адамдын итин да “чып” деген эмес. Улуттун намысына тийген
орчундуу маселе жаралса бетме-бет кармашуудан жалтанбай, аны этегине чыгарууга аракетин чегерген. Албетте, айрыкча криминалдык таасирленүүдөн улам чыккан маселеге дымактуулардын, намыскөйлөрдүн гана алы-күчү жетээрине деле ынанууга аргасыз болгонбуз. Болбосо биз таландыда калмакпыз. Өзүн кожоюн эсептегендер төрүбүздү ээлеп, билгениндей тайраңдамак, туурабы? Ал эми күч түзүмүндө иштегендер болсо ошолорго “ак кызматын” арнап, ал тургай кызыл килемди астына төшөп узатышканын кантип эстен чыгаралы. Көрсө акчанын кулу болгондор эч убакта элдин убалынан коркпойт экен.

Ушундай пикирди маркум Баяман Эркинбаев тууралуу да айтып калышат. Анын көзү тирүү турганда түштүктөгү котур ташы барлар тынч тиргилигин өткөрмөк. Азыркыдай көөп кетишмек эмес деп какшангандар толуп жатат. Баямандын да түбүнө кимдер жеткени толук айтылбаганы менен ошол кездеги бийликке барып такалат. Анын чоо-жайын деле айтып берем деген Куловдун убадасы негедир аткарылган жок. Үстүртөн актануу үчүн айткан сөздөрүнө эч ким муюбайт десек неге болбосун? Тилекке каршы окуянын так “сценарийин” ачыктап чыгууга кызыктарлар бар болсо да жымжырттык өкүм сүрүүдө. Чамасы эскини жаңыртуунун кажети эмне дегендей абал жаралды окшойт.

Арийне, ошол мезгилде мерт кеткендер арбын болду. Медет Садыркулов тууралуу тасма да жарык көрдү. Бирок, аны күм-жам кылгандар торопойдун этинен шишкебек жеп, жыргап жүрүшөт. Жол кырсыгын жасаган делген Осмоновдун да көзүн тазалап салышты. Акча берсең түрмөдөн деле буйругуңду аткарып койчу кишилер табылат турбайбы? Санжар Кадыралиев, Ратбек Санатбаев, Шаботоевдерди да бекер жерден жок кылышпаганы айкын билинип турат. Кайран жигиттер, эгерде тирүү болсоңор бираз болсо да өлкөдө өзгөрүү болот беле деген ой жаралат. Айтор, элдин элегинде ар кандай ой-толгоолор бар. Мамлекеттеги абал алымсындырбаганы үчүн маркум болгондордун аты аталып, алар тирүү болсо кыргызстан жарыкка бөлөнөт беле деген сыяктуу кыялдар жаралып жатканын деле айтып койсок ашыкча болбостур? Ошентсе да бизге учурда чыныгы мекенчил атуулдар зарыл болуп тургандай. Шүгүр дейли, арабыздан элдик уулдар чыгып калаар…

Булак: “Ачык сөз”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу