Эмилбек Момунов, журналист: “Сталин да бир үйдөн беш адамды камаган эмес”

-Балким биз эмес, С. Жапаров өзү деле Кыргызстанга келсе аны укук коргоо органдары далай кыргыз жигиттеринин канын ичкен А. Батукаевди кандай сый-урмат менен узатса, ошондой эле “сый-урмат” менен тосуп алып, камап коюшарын билгендир. Ошон үчүн ал ушул жеке керт башына түшө турган азап-тозокту алдын ала билип-сезип туруп келди.

Бирок, эч ким анын эки баласын, инилерин, келиндерин кошо беш адамды камап коёт деп күтпөсө керек. Болгондо да атасын чек арадан тосуу үчүн барган, али эне сүтү оозунан кете элек баласын  достору менен кошо бети-башын, ички органдарын эзе сабап коёру түшүбүзгө да кирген эмес. Алар Кыргызстандын, кыргыз элинин келечеги, эгер майып болуп калышса, ага ким күнөөлүү болот? Мен өз өлкөмдүн жараны, кыргыз жигити катары ушул митингге чыккандарды жарандык кийимчен алаңгазар жигиттер топтой тепкилеп, жөнөкөй (милициянын эмес) машиналарга салып кеткендигине таң калдым.

Бүгүнкү бийлик мындай жырткычтык кадамга баруу менен өздөрүнүн абийрине Кыргызстандын тарыхында эзели өчүрүп кетире алгыс кара так менен кала турган боёк сүртүп койду. Адамзатта эзелтен бери келаткан “Баласы атасы үчүн жооп бербейт”,- деген накыл кеп бар. Али кылмышы далилдене элек С. Жапаровдун балдарынын эмне күнөөсү бар эле? Эгер тартипти бузса, мыйзам чегинде жоопко тартышпайбы. Ал эми үйүндө үч айлык эмчектеги баласы калган келининде эмне жазык? Же бизде атасын, кайнагасын чек арадан тосуп албаш керек деген мыйзам барбы?

Бул жерде “Ат көрбөгөн минип өлтүрөт…”,- демекчи, бийлик көрбөгөндөр бийлик деген митинг, пикетке чыккандарды уруп-сабоо же ушинтип коркутуп койсок эле баш көтөрбөй калат деп ойлошсо керек. Мындай өз элине кастыгы менен алар Акаев менен Бакиевди кой, Сталинден да ашып кетишти. Ошондуктан президент өзү баш болуп, күнөөсүз адамдарды тез арада чыгарып, кызматтык абалынан аша чапкан укук коргоо органдарынын жетекчилерин жоопко тартыш керек. Антпесе элдин назарынан калат…

Булак «майдан кж»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу