Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер: «Атамбаев, Ниязовдор “саясий куугунтук” дегенди ооздоруна алышпай эле койсо Кудайга жага турган иш болот эле»

— Эмилбек Саламатович, 15-октябрда президенттик шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун жеңишке жетишкенине бир жыл толду. Ушул дата менен Жээнбековдун шайлоодогу штабын жетектеген Фарид Ниязов чогуу иштешкендерди куттуктады. Куттуктоо сөзүндө “Бүгүнкү күндө коомчулуктун бир бөлүгү мамлекеттин ички саясатында болуп жаткан өзгөрүүлөргө иренжип турат, бирок тарых баарын таразалай турганына ишене бериңиздер” деп айтылат. Фарид Ниязов ушул билдирүү менен эмнени айткысы келген? Же Ниязовдун оозу менен Атамбаев коомчулукту экиге бөлгүсү келип жатабы?

— Албетте, бул билдирүүдөгү ойлор Атамбаевдики, айтып кой деди да. Фарид Ниязов өз алдынча бирдеме айткыдай ким эле? Аны ким угат? Биринчи кезекте бул “куттуктоо” менен эмне айткылары келип жатат деген суроо туулат, кимдин дарегине айтылган сөз деп. “Биздин кандидат, биздин жеңиш” деп аткандарына караганда былтыр Сооронбай Жээнбековду СДПК жана “Форум” ишканасында жайгашкан штабы аркылуу колдоп чыккандарды мобилизациялоо, алардын көкүрөктөрүнө чок салуу максаты бар окшойт, мына “биздин жеңишти” уурдап кетишти деген кыязда. Жанагы “…коомдун бир бөлүгүндө көңүл калуу болуп турат…” деген сөздүн төркүнү ошол жакта. Орусчасында “разочарование” деп берилиптир, аны “көңүл калуу” деп дагы, балким силердин суроодогудай “иренжүү” деп деле которсо болот. Максаттары айдан ачык эле, ошол “көңүл калуу, иренжүү” темасын коомдук аң-сезимге таркатуу, ылаажы болсо ошондой маанайдагылардын башын бириктирүү. Азыр бийлик тарабынан аткарылган иштердин баары жипке тизгендей тегиз кетип жатат деш мүмкүн эмес, жасалган иштен жасалбай жаткан иштер, оңдолуп жаткан иштен оңдолбой жатканы көп, катачылыктар да болуп жатат, айрыкча кадр тандоо саясаты жагында. Ошондуктан ички социалдык-экономикалык саясатта кескин жылыштар болбосо эл ичинде жанган үмүт, кайра жаралган тилектер сууй баштайт. Бир аз убакыт өткөн соң нааразычылык күчөйт, көңүл калуу көбөйөт. Мына ушундай жагдайды утурлай жыландын башын кылтыйтып жаткандай болуп турбайбы.

— Куттуктоодогу көңүл бурчу кийинки сөз “ Мезгил өткөн сайын чындык кайда экенин, калп менен куру жалаа кайда экенин эл өзү аныктап алат. Ошондой эле ак ниет эмгек менен куру сөздүн, чыныгы жолдоштор жана кошоматчылар менен уйгактардын, пайда жана зыяндын, коррупция менен күрөштүн жана саясий куугунтуктун кайда экенин да эл аныктап алат” деп айтылып жатат. Ниязов же Атамбаев бүгүнкү бийликтин ишин курулай сөз деп, өздөрүнө карата айтылып жаткан дооматтарды куру жалаа, саясий куугунтук деп көрсөтүп, азыркы өлкө башчынын чыныгы достору өздөрү экенин эмне үчүн саймедиреди?

— Ушу сөздөрдү кантип беттери чымырабай элге айтып жаткандарына таң калам. Эми чындык кайда экендигин, калп кайда экендигин, коррупция кайда экендигин, коррупция менен күрөш кайда, саясий куугунтук кайда экендигин мезгил бат эле аныктап салбадыбы… Мындан эки жыл мурда Атамбаев “каргалар, кузгундар, мародерлор…” деп кыйкырып атпады беле, жалган жалаа менен канча кишини камашты, алардын ичинде Текебаев менен Чотонов да бар. Мына азыр эл айдан ачык көрүп турат ким карга, ким кузгун, ким мародер экенин. Көрсө Атамбаев өзүнүн эле жанындагыларды айтып жатыптыр, өзүн айтып жатыптыр. Өңгөлөр айтса дагы ушул Атамбаев, Ниязовдор “саясий куугунтук” дегенди ооздоруна алышпай эле койсо Кудайга жага турган иш болот эле. Саясий куугунтуктун чектен чыккан үлгүсүн көрсөтүштү го коомго, канча киши бейкүнөө жатат түрмөдө. Негизи Президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөштү баштаганы Атамбаевге жаккан жок, чатак мына ошондон башталды да. Атамбаев жазында айтпадыбы: “Жээнбеков коопсуздук кеңешинде эмне айтканын өзү да түшүнгөн жок, бирөөлөр даярдап берген кагазды эле окуп койду” — ​деп. Атамбаевдин ою боюнча коррупцияга каршы күрөштү ал баштап, жалпы жонунан бүтүрүп коюптур да. Ошондой эле Атамбаев сот реформасын да толук бүтүрүп коюптур анын сөзүнө ишенсек. Айла жок күлөсүң. Мына ушундан улам ой келет — ​Атамбаев чочулап турат окшойт башталган күрөш өзүнө да жетеби деп. Бул билдирүүдө Кыргызстанга чын дилинен кызмат кылгандар корголуусу зарыл деп айтып жатышпайбы, атын ачык айтпаган менен ошондой кызмат кылган Атамбаев деген ой айтылып жаткандай. Бирок азыр элдин талабы — ​күрөш аягына чейин чыгарууга тийиш, кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин кызыкчылыктарына кыянаттык кылгандар, уурдап-жегендер жазасын толук түрдө алуусу зарыл.

Маектешкен Темирлан Токтоболотов

Булак: “Жаңы ордо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу