Эмилбек Каптагаев: «Бети жок», «Жүзү кара», «Бет деген калбай калыптыр»

«Бети жок», «Жүзү кара», «Бет деген калбай калыптыр», «Бетин сыйрып салыптыр»… деген маанидеги сөздөрдүн маанисин Япон жазуучусу Кобо Абэнин «Чужое лицо» деген чыгармасын окугандан кийин тереңирек ойлонуп, тереңирек түшүнсө болот экен. Адамды адам кылып турган анын жүзү экендигин жазуучу терең иликтеп жазыптыр. Ал эми Кыргыз эли бул жазуучунун чыгармасын окубай туруп эле жогорудагы сөздөрдү айтып келишкен. Бул сөздөр миңдеген жылдар бою коомдук байкоодон улам гана эмес, бизге белгисиз методика менен жасалган терең психологиялык изилдөөлөрдүн да жыйынтыгы болуп жүрбөсүн деген ой да жаралат. Анткени Адамдын жүзү (бети) анын ички дүйнөсүнүн күзгүсү экени анык. Ошондон улам «Жүзү ийгиден түңүлбө», «Маңдайы жарык адам»,»Жылдыздуу адам» деген аныктамалар да жаралган го. Көрсө адам жүзүн (бетин) өзгөртүү менен өзүнүн инсандык сапатын, касиетин да өзгөртөт экен, башка адамга айланып калат экен. Кандайдыр бир жаман иш жасай турган киши беткап кийгени да ушундан улам окшойт. Башкесер желдеттин (палач) же канкор каракчынын беткап кийгени да ушуну менен түшүндүрүүгө болот экен. Мына ошондон улам адамдык сапатын жоготкон, ыйманынан тайган кишилерди «бети жок», «жүзү кара» деп айтып калган тура.

Эки күндөн бери Касиеттүү Ала-Тообуздун ак калпагы болгон, кыргыз журтубуздун куту болгон МӨҢГҮЛӨР жөнүндө, аларга кыянаттык кылып жатышкан пенделер жөнүндө ой толгоодон улам «бети жок» деген сөзгө терең үңүлүп калдым окшойт.

Эмилбек Каптагаев

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу