Эмилбек Каптагаев: «Алмазбек Шаршенович, ушунчаңызда токтоңуз!»

Эмилбек Каптагаевдин мурунку президент Алмазбек Атамбаевге Кайрылуусу!

Алмазбек Шаршенович!

Кечээ ачык жарыя кылып көрсөткөн жыйыныңызды, ал жердеги болгон маанайды көрдүк, айтылган сөздү уктук.

«Шымына чычкан колун аябайт» деген ахвалга эми келиптирсиз, Алмазбек Шаршенович… Өз колуңуз эле эмес, айланаңызда жүргөндөрдүн тагдыры да өзүңүз үчүн текейге татыбай тургандыгын, аларды да аябай тургандыгыңызды, чыркыратып отко дагы, сууга дагы сала берүүгө даяр экендигиңизди уктук кечеги сөзүңүздөн …

Коркуп, үшүңүз кетип калыптыр… «жалгыз жатып атышам, куралым көп, өз башымды коргойм…» — дегениңиз дараметтин, күч кубаттын көрсөткүчү эмес, тетирисинче алсыздыктын, аргасыздыктын белгиси… бул акылмандык, көрөрмандык же көсөмдүктүн көрсөткүчү эмес, тетирисинче көңдөйлүктүн, көрпенделиктин белгиси… Мындай сөздү заманасы куурулуп, дүйнөсү тарып, оозунан сөзү түшүп туңгуюкка кептелип калган киши гана айтат… Тапанча, мылтык эле эмес замбирек коюп алсаңыз дагы мыйзамга каршы тура албайсыз, коомдун пикирине, элдин демине каршы туралбайсыз, аны өзүңүз деле, жаныңызда жүргөндөр деле билип эле турасыңар…

Ошондуктан, өзүңүз айтып жаткандай » Кудайдын, элдин, тарыхтын сотуна» даяр болгонуңуз чын болсо, анда жашоо чындыгына тике карап, тагдырдын мыйзамына баш ийгениңиз оң… Сизден элдин назары сынды, Кудайдын назары сынды…Мамлекетке, элге карата жасаган кыянаттык иштериңиз айкын болду, ачык жарыя кылынды…сылыктап айтканда — абийириңиз айрандай эле төгүлдү…

Бул чындыкты моюнга алыңыз!

Калпты чындай урдуруп элдин башын айлантканды токтотуңуз!

Болбосо өзүңүз үчүн дагы, бала-бакыраңыз үчүн дагы, сизге ишенип жаныңызда жүргөндөр үчүн дагы аягы жаман иш болоорун сезгениңиз оң… Өз башыңыз менен ойносоңуз дагы, башка бирөөлөрдүн тагдыры менен ойнобоңуз…Ансыз деле 2010-жылы 7-апрелде көкүрөгүн окко тосуп, эл үчүн, жаркын келечек үчүн деп шейит кеткен мекендештерибиздин каны мойнубузда, ошол кыйылган өмүрлөрдүн, төгүлгөн жаштын өтөөсүнө толук чыга алган жокпуз, эл күткөн, эл үмүт кылган коомдук өзгөрүүлөрдү жасай алган жокпуз. Тетирисинче өз колуңуз менен күн карама, караөзгөй сот түзүмүн жараттыңыз, айдактаган жакты жапырып баса кала турган прокуратура, коопсуздук кызматы жана милисаны түптөдүңүз, оозуңуздан түшүрбөй «жерден алып көргө, көрдөн алып жерге» уруп жүргөн кландык башкарууну кайра курдуңуз… натыйжада коррупцияны гүлдөтүп өстүрдүңүз… Ошону менен Апрель Элдик революциясынын идеяларын саттыңыз, жеке кызыкчылыктар үчүн садага чаптыңыз.

Бул чындыкты да мойнуңузга алыңыз!

Сиз азыр мамлекет үчүн, Эл үчүн күйгөн жоксуз, сиз азыр өзүңүздүн караөзгөйлүңүздөн, карасанатайлыңыздан, бийликти, атак-даңкты жеке ээлеп калам деген арам оюңуздан улам колуңуздан жулдуруп ийген дөөлөт үчүн күйүп жатасыз, кече эле эки колдоп мыкчып отуруп жоготуп ийген бийлик үчүн, ал бийликтин аркасы менен жетем деп үмүт кылып жаткан байлык үчүн күйүп жатасыз…

Муну элдин баары көрүп-билип эле турат.

Бул чындыкты да мойнуңузга алыңыз!

Ар ким өз колу менен жасаганды өз моюну менен тартканы туура, башка бирөөлөрдүн артына жашынып, катын-калач, жаш балдарды отко сала берүү Кудайга деле жакпаган иш Алмазбек Шаршенович, эсиңизге келиңиз! Ушунчаңызда токтоңуз!

Булак:NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу