ЭЛ ӨКҮЛҮ ЭЛЕТТЕ… Элдик Депутат Тотонов шайлоочулар менен жолукту

2019-жылдын 29-январында КР Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Т. Тотонов Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна жергиликтүү калк менен жолугушуу максатында, атайын иш сапары менен келди. Эл өкүлү менен кошо КР Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана аймактык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин башчысы Ж.А.Мырзакаримов, КР Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелорация министрлигинин адиси Э.Б Абдырайымов жана Жарандык курулуш департаментинин башчысынын орун басары У.Ж.Матисаковдор да бирге келишип, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жол айылындагы Умаров атындагы орто мектебинин спорт залында элдик жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга райондук мамлекеттик администрация башчысы-акиминин 1-чи орун басары Р.Сейдалиев, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айылдык, райондук кеңештин депутаттары, мугалимдер жана жергиликтүү калк катышып, жалпы катышуучулардын саны болжол менен 350 дөн ашты.
Аталган жыйында дээрлик таза суу, электр энергиянын баасы, жайыт, чек ара, долбоорлор менен иштөө, авариялык абалдагы мектептердин абалы, капиталдык курулуш иштери сыяктуу бир топ көйгөйлүү маселелер көтөрүлүп, ал маселелер жогорудагы көрсөтүлгөндөй борбордон келишкен адистердин катышуусунда талкууланып, айрымдары жеринде чечилип жана ошондой бир топ сунуш, пикирлер айтылды.

Жыйындын соңунда аксакалдар эл өкүлү Н.Т.Тотоновго ак батасын беришип, эл жери үчүн ак кызматың аркалай бер дешип каалоо тилектерин айтышты.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу