«Эл деген сел, мен силерге көрсөтөм…» деп Атамбаев ызырынып жатат

Эсиңерде да, 6-7-апрель күндөрү Алмазбек Атамбаев элдин астына чыгып, бийликти түздөп, эки айдан кийин митингге чыга турганын эскерткен. (Келаткан 5-июнда Сапар Исаковдун камалганына бир жыл толот, «концерт койгонду» ошого болжосо керек.) Натыйжада, баарыбыз күбө болгондой, апрель айы митингдерге бай болду. Элибиз региондордон бери ар кандай көйгөйлөр үчүн нааразычылык акцияларына чыгышууда. Өкмөтүбүз баш, күч органдары төш болушуп, коомчулук менен иштөөнү оң жолго сала алышпай, тескерисинче, түрдүү жаңылыш кадамдарды улам-улам кайталашууда. Атамбаев болсо чала сабат аткаминерлердин кылыктарына маашырланып, пиар кампаниясын барган сайын күчөтүп, көпчүлүк катмарды көчөгө чыгарууга даярдап атабы? Бийлик алдыртан коомчулукка анализ жасап, бейпилдик үчүн күрөшүш керек эле. Бирок, кадрлардын кашаңдыгынан кашайып баратабыз го? Эми май айы да митингдерге арбын болору, аягында июндун башы менен Атамбаев камактагы Исаков, Кулматов жана Ибраимовдун таламын талашууга катуу киришери айтьшууда. «Эл деген сел, мен силерге көрсөтөм…» деп экс-президенттин ызырынганын уккан жакындары дух алышып, ЖМК, соцтармактарда күжүлдөп иштеп атышат. Кайда баратабыз? Төңкөрүшкөбү? Коңгуроо кактык… Кызыгы, бийликке жагынган кошоматчылар ар кандай козуткуч жоруктарды жасашпай, караңгыдан көз тапкандай кеменгерлик жолго түшө албай жатышат да-а…

Акын  БЕКЧОРОЕВ

БУЛАК: АЗИЯнюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу