Элчилик: Россияда миграциялык мыйзамдагы өзгөрүүлөр тууралуу маалымат.

Россияда миграциялык мыйзамдагы өзгорүүлөр тууралуу маалымат

2018-жылдын 27-июнунда РФнын № 163-ФМ Федералдык мыйзамы менен Россия Федерациясынын Президенти В.Путин тарабынан бекитилген «Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок жактардын миграциялык каттоосу туралуу» Федералдык мыйзамга өзгөртүүлөр 2018-жылдын 8-июлунда күчүнө киргендиги тууралуу Россиянын тийиштүү органдарынан расмий маалымат келип түштү.

Федералдык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдө миграциялык каттоого туруу тартибине тактоолор каралат, чет өлкөлүк жарандын турган орду деп кайсы объектилер (тактап айтканда, чет өлкөлүк жарандын факты түрүндө жашаган жери) каралары тизмектелет, ошондой эле чет өлкөлүк жарандын миграциялык каттоого туруусу үчүн негиздер да такталат.

“Кабыл алган тарап” жана “чет өлкөлүк жарандын турган жери” деген түшүнүктөр так белгиленген. “Чет өлкөлүк жарандын турган жери” мындан ары чет өлкөлүк жаран жашаган турак үй гана болушу керек.

«Бул мыйзамдын күчүнө кирүүсүнө байланыштуу мындан дагы кененирээк маалымат келип түшкөн сайын кошумча маалымат берилерин  Элчиликтин пресс-катчысы  Гулбарчын Байымбетова өздүк фейсбук баракчасына жарыялады.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу