Элчилик: Москвада вагондо турган жаш эне Өзбекстандын жараны болуп чыкты

Аялга Өзбекстандын элчилигине кайрылуу сунушу айтылган. Андан сырткары, ымыркайдын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү кантип алуунун жол-жоболору түшүндүрүп берилген.

Үч айлык баласынын күбөлүгү, колунда бир тыйын акчасы жок өзүн кыргызстандыкмын деп тааныштырган келин Москвадан Кыргызстанга келе албай жүргөнүн буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү айтып берген эле. Бирок кечээ Россиядагы Кыргызстандын элчилиги 23 жаштагы ал аял менен байланышкандыгын жана келин Өзбекстандын жараны болуп чыкканын кабарлады.

Москва шаарында жайгашкан КРдин элчилигинин кызматкерлери жардам көрсөтүү иретинде кыргызстандыкмын деген жаш эне менен байланышып, маселенин чоо–жайын билген.

«Келин менен сүйлөшкөндө анын Өзбекстандын жараны экендиги жана каражаттын жоктугунан ымыркай төрөт үйүнөн туулгандыгы тууралуу күбөлүксүз чыкканы анык болду», — деп айтылат элчилик тараткан маалыматта.

Келинге балага медициналык күбөлүк алгандан кийин Өзбекстандын элчилигине кайрылуу сунушу айтылган. Андан сырткары, ымыркайдын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү кантип алуунун жол-жоболору түшүндүрүп берилген.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Гүлсанайдын апасы Тажыгүл Мажидова менен байланышты. Анын айтымында, үй-бүлө Өзбекстандан Кыргызстандын Баткен облусуна көп жыл мурда көчүп келген.

«Гүлсанай өзбек жарандыгын алып жүргөн. Бирок бир жыл мурун кыргыз жарандыгын алууга арыз берген. Бирок ушул убакка чейин ала элек. Калган балдарым кыргыз жарандыгын алган», — деди Мажидова.

Эскерте кетсек, Москва метрополитенинин Речной станциясынын аймагында бирөөнүн вагонунда баш калкалап жаткан жаш эне тууралуу маалымат социалдык тармакка чыккандан кийин Sputnik Кыргызстан келин менен байланышып, анын ал-абалын билген.

 

Булак:Спутник

Аргумент.kg
Жооп калтыруу