Электр энергиясына 445 млн. сом карыз

2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында “Түндүкэлектр” ААКтын абоненттеринин электр энергиясына болгон карызы 445 млн. сомду түздү. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, биринчи жарым жылдыкта керектөөчүлөрдүн дебитордук карызы 341 млн. сомго же 43,4 пайызга азайган.

Карыздардын 340,7 млн. сомго же 57,9 пайызга азайышы “калк” категориясына таандык. Дебитордук карыздын азайышы “Түндүкэлектр” тарабынан тейленген бардык региондордо байкалган.

Бишкектиктер колдонулган электр энергиясы үчүн карыздарын 122 млн. сомго азайтышкан (42,4%). Чүй облусунда керектөөчүлөр 180 миллион сомго (46,7), Талас облусундагылар 39 миллион сомго (34,8) азайтышкан.

Маалымат үчүн: 2018-жылдын 1-июлуна карата “Түндүкэлектр” ишканасы 569 миң 570 абонентти тейлейт.

Булак:Заман кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу