Элди муңга салган Мурашевден башка кадр жокпу?

Мамлекеттин расмий булактарына таянсак, Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн (ИДӨ) көлөмү 2018-жылдын 11 ай ичинде 3, 1 пайызга өстү деп атышат. Алар айтып жаткан цифраларда ушул жылдын январынан ноябрь айына чейин («Кумтөр» ишканасын кошпогондо эле) ИДӨнүн жалпы көлөмү 474, 5 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдарга салыштырмалуу 3,2 пайыз өнүгүп кетиптирбиз. Мындай өсүшкө айрыкча салым кошкон тармактардын бири айыл-чарба тармагы экен. (Ак чүч!) Ошол айыл чарба тармагындагы көлөмдүн өсүшү 2,4 пайызга көбөйүптүр. Бул орус акыны Юрий Тынянов: «документы врут как люди…»- деп жазганындай эле болуп калды окшойт? Ушул кагаз бетине түшүрүлгөн «жел» цифраларга салыштырмалуу реалдуу турмушта элдин жашоо шарты таптакыр башка картинаны тартуулап жатпайбы? Барыдан да, «айыл-чарбасында өсүш болду» деп атышкандарына жөнөкөй эле мисал, ушу тапта Кыргызстандын дыйкандары эмгек тер, мээнет менен иштеп тапкан картошкаларын өткөрө албай кыйын абалга кептелгенин кайда жашырабыз? А дегенде күзүндө картошканын бир килосу 7 сомдон алынат болуп, мындай абалга нааразы болуп чыккан дыйкандарга айыл-чарба министри Нурбек Мурашев: «чыдагыла, 10 күндүн ичинде картошканын баасы жогорулайт, Өзбекстандан 17 фирма келатат, жакында жакшы баада сатып алат» деген убадасына да ишеништи, дыйкандар. Анысы аткарылган жок. Эми болсо баасы 4 сомго чейин түшүп, учурда болсо картошка сатып алам деген кардар дээрлик жок. Дыйкандар ара жолдо калды.

Учурда, сөзү менен иши дал келбеген министр Нурбек Мурашев жаңы «жомогун» айтып баштады: Акыркы бир жумада күн жылуу болгондуктан Өзбекстанга Түндүк Казакстандан жана Россиядан картошка темир жол аркылуу көп келип, баа кескин төмөндөп кетти. Бул убактылуу көрүнүш, күн сууктаары менен баа көтөрүлөт деп кирди. Анан да Мурашев «негизинен ноябрь, декабрь, январь,февраль жана март — беш ай бою экспротоого мүмкүнчүлүк бар деп элге кайрадан «упчу эмизүүдө». Ал эми момундай суукта картошканын үшүгөнү үшүп, чиригени чирип баратат. Чирбей сакталганы деле март-апрель айларында күн жылыса өнүп, сапатын да, салмагын да жоготот. Ал эми Мурашевдин болсо «мурдун балта кесчүдөй» да түрү жок. Айыл-чарба тармагын боюнча чемичкедей чаккан академик Жамин Акималиев айткандай: «Мурашев президентти дагы, элди дагы алдады. Бул жигит айыл-чарбасынын таш-талканын чыгармай болду». Анан ушундай абалда айыл-чарбасы өсүп баратат дегенди кантип уялбай айтып жатышат. Кыргызстандын элинин 60 пайыздан ашыгын элет эли түзөт. Алардын тапкан-ташыганы, жашоо тиричилиги жер айдоо, мал чарбачылыгы. Демек, ушундай тармакты башкарууда Кыргызстанда Мурашевден башка адис жокпу? Дыйкандардын, фермерлердин убал сообу кимге? А-уу, өкмөт, а-уу президент?

Автор: Күлчоро Кабылов

Булак: «Айгай-пресс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу