Элдияр: «Ойнош күтүп үй-бүлөмдү таштап жашоодон адаштым. Эми…»

Мен да кезегинде телегейи тегиз бактылуу жан болгом. Мончоктой эки уулум, кызым, жанга жагымдуу жаркылдаган жарым бар эле. Ошонун бардыгынан мен өзүм айрылдым. Балдарым кичинесинде ар дайым жумуштан келгенде мойнума мингизип алып, моокумум канганча ойнотчумун. Тепилдешип «аталап» алдымдан тосуп чыгышчу. Бирок, бактылуу үйбүлөлүк турмушубуз бир күнү эле күм-жам болду. Көрсө, мендейлер өзүнө келген ырыс-дөөлөттү көтөрө албай калат тура. Мени кызматтан көтөрүшкөн күнү үйгө сүйүнүчтүү келдим. – Мени биздин бөлүмдүн жетекчилигине көтөрдү, — дедим келинчегиме. – Чындап элеби? – Чын. Эми жакшы там салабыз. Балдарыбызды бутуна тургузабыз,- дедим аны ордунан чимирилте көтөрүп. – Аман эле бололучу, баары болот бизде. Алда немеден кооптонгондой ушуларды айтты. Негедир ушул кабарга сүйүнгөн жок. Балким, аялдык жүрөгү менен сезди бекен? Тез эле иштин көзүн билген мени кызматтан көтөрө башташты. Тез эле бутума турдум. Өзүм каалагандай үйлүү, машиналуу болдум. Ошондой күндөрдүн биринде бир аялга жолугуп калдым. Анын кылык-назына, келбетине арбалып калдым. Мүнөзүм кошо өзгөрдү. Эми баягы күйүмдүү күйөө, мээримдүү ата жок эле. Бара-бара үйгө түнөбөй калган күндөрүм көбөйүп баратты. Көңүл ачуунун кызыгына кирип алдым. Ансайын чамгарактап, кылдан кыйкым, жумурткадан кыр издеп, аялыма да кол көтөргөнүм көбөйдү. «Сен элдердин аялындай жүрбөйсүң. Мен сени менен баскандан уялам» деп жок жерден көңүлүн ооруттум. Билбейм, байкушум эмнеге чыдап жүрдү? Балким, «чыдайын, эсине келээр» деген үмүт көкүрөгүн уялады бекен? «Айдар, мени аябасаң да, балдарыңды аячы. Мурун сен келет деп эшикте күтүп турушчу. Азыр сен келе жатсаң кирээрге жер таппай коркуп калышат. Мен балдарды да, өзүмдү да аябайм. Мен сени аяйм. Эч кими жок каласыңбы деп корком. Эсиңе кел.» Анын көз жашы да, сөздөрү да мага таасир бербей калган эле. Дулдуюп угуп туруп, эч жооп айтпай кете бер­чү­мүн. Анткени, ойлогонум, каалаганым таптакыр башка эле. Акыры бир күнү келип «Мен силерди да кыйнабайын, өзүмдү да кыйнабайын. Болду, жашай албайм минтип… Мен бирөөнү сүйүп калдым» дедим да кийимдерин жыйнап алып, балдарымдын маңдайынан да өөп койгонго жарабай кете бердим.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу