Элвира Жаркеевага карата дагы бир кылмыш иши козголду

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун мурунку судьясы Элвира Жаркеевага карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирет.

Ал коррупция, пара алуу боюнча айыпталууда. Маалыматка ылайык, Жаркеева судья болуп турганда кылмыштуу топ менен сүйлөшүүгө барган.

Жыйынтыгында, 20 млн 500 миң сомго кредит алууга келишим түзүлгөн. Анын негизинде кредит алган тарап Бишкектин Свердлов райондук сотуна кайрылып, компанияны өзүнүн менчигине өткөрүүнү өтүнгөн. Жаркеева бул талапты толук аткарган чечим чыгарган.

Эске салсак, 26-октябрда Элвира Жаркеева «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана мыйзамсыз чечим чыгарган» деп айыпталган. Ал 2016-жылдын 15-августунда ири өлчөмдөгү акчаны өндүрүп алуу тууралуу мыйзамсыз толтурулган арызды канааттандырып, Кытай жаранынын кызыкчылыгын коргогон чечим чыгарганы айтылган.

Э.Жаркеева август айында Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Свердлов райондук сотунун судьясы кызматынан бошотулган.

Булак: «Мантыш»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу