Экс-президент камалат, камалбайт…

Бийлик ичинде таасирдүү топтор бар. Алардын басымдуусу Алмазбек Атамбаевден өч алууга, саясаттан сүрүп таштоого кызыкдар. Негизинен алганда, экс-президенттин оппозицияга өткөнү бийлик үчүн баш ооруну жаратты.

«Мунун эсебин кантип табуу керек?» деген суроо курч бойдон калууда. Ак үйдөгү айрым таасирдүү адамдар орозо айы бүткөндөн кийин Атамбаевди камакка алууну айтышса, кээ бири кырдаалдын оорлошуп кетишин эскертишүүдө.

Кыскасы, азырынча бир чечимге келише электигин күч органдарындагы өздүк булактарыбыз каңкуулашууда.

Булак: АЗИЯnews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу